• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: Ташиевдин атын жамынгандар камалды. Кемпир-Абадчылар тергөөчүгө нааразы

15 Кулжа 2023 19:40 Бишкек Govori.TV

 «АКЫЛМАН» ЖАНА IT ЛИЦЕЙЛЕРИ ТҮЗҮЛДҮ

Чолпон-Ата шаарында адистештирилген жалпы билим берүүчү “Акылман президенттик лицейи ачылат. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону мамлекет башчынын сайтына 15-июнда жарыяланды.

Билим берүү жана илим министрлигине караган мекемеге окуучулар 6-классты бүткөндөн кийин тапшырат. Жарлыкта лицейдин мугалимдерине жогорку өлчөмдө маяна берилери белгиленген.

Ошондой эле бүгун президенттин дагы бир билдирүү таратып, «№ 99 Кесиптик лицей» мекемесине өзгөчө статус берилап, жана андан ары «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи» мекемеси деп аталды.

Маалыматта, маалыматтык технологиялар тармагындагы адистер дүйнө жүзү боюнча ар кандай товарларды жана кызматтарды өндүрүү менен алектенген компанияларда абдан популярдуу болгондуктан, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында IT-адистерди сапаттуу даярдоого көңүл буруу керек экени жазылат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1712 бала бакча бар, аларда тарбияланып жаткан бөбөктөр 199 миңдин тегерегинде. 2,5 миңге жакын мектепте билим алган окуучулардын саны 1,5 миллионго чамалады.

БАТКЕНДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ

Баткен облусун өнүктүрүү боюнча “жол картасына” ылайык быйыл аймакка каралган 500 миллион сомдун 400 миллион сому которулду. Бул тууралуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында айтты.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 10-сентябрында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде облусту өнүктүрүү максатында 2022-2035-жылдарга атайын “Жол картасы” иштелип чыгып, жылына 500 миллион сом бөлүнүп турат.

Депутаттар тобу “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, аймакты колдоо үчүн каржыны 1,5 миллиард сомго чейин көбөйтүү сунушун берип жатат.

НАРМАТОВА ЖУРНАЛИСТТИ СОТКО БЕРЕТ

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бүгүн, 15-июнда “МедиаХабдын” журналисти Асел Шамилованы сотко берерин билдирди. Ал журналист анын кадыр-баркына шек келтиргенин айтат.

Ал эми журналист Шамилова депутат тууралуу маалыматтар ачык булактардан алынганын, материалда «жалган» дей турчу эч нерсе жок экенин, Нарматованын буга чейин жасаган иштери менен сүйлөгөн сөздөрү гана чагылдырылганын белгиледи.

Бул арада «Медиахабдын» негиздөөчүсү Али Токтакунов редакция депутаттын кандай гана доосу болбосун жооптошконго даяр экенин жазды.

 «Бүгүн ЖК жыйынында депутат Надира Нарматова биздин журналист Асель Шамилованы сотко берем деп чамынып чыкты. Ал кечээ жарыялаган видеобузга катуу чычалап атат. Биз кандай гана доосу болбосун жооптошконго даярбыз. Ууру-жемкорлорду, аларды мактап табакташ болгондорду, элди соргон мителерди безге сая бериш керек. Ал үчүн соттошуунун өзү сыймык»,-деп жазды Токтакунов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Башында аталган мыйзам долбоордун демилгечиси  Надира Нарматова жалгыз болсо, кийин 32 депутат кошулган. Бирок, 8-июндан тарта бир катар депутаттар мыйзамга авторлош болуудан баш тартып жатышат.

Ал эми “Медиахабдын” видеосу ютубдагы каналына чыккан. Анда “Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап, документтин 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаганын айтылып, ошондой эле депутаттын бейнеси тууралуу кеп кылынган.

КЕМПИР-АБАД ИШИ: КАМАКТАГЫЛАР ПРОКУРАТУРАГА АРЫЗДАНДЫ

Кемпир-Абад маселеси боюнча айыпталып жаткандар Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө тобунун башчысы Улан Жапековго байланыштуу Башкы прокуратурага арызданышты. Арызды жактоочу Чынара Жакупбекова Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анда айыптоо актысынын көчүрмөсү айыпталып жаткан адамга тапшырылганда ал документти колуна алгандыгы тууралуу гана тил кат жазып бериши керек, бирок башкы тергөөчү Жапеков алардан маалыматты жарыялабоо тууралуу тил кат талап кылып жатканы айтылды.

ИИМ бул боюнча үн ката элек.

Былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган. Апрель айында райондук сот Кемпир-Абад ишинен улам камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырган. Башка төрт адам ага чейин үй камагына чыгарылган.

«ТАШИЕВДИН БАЛАСЫМЫН» ДЕГЕН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулумун деп алдап башка адамдардын мүлкүн тартып алган шектүүлөр кармалды.

Маалыматка караганда, Орусиянын жараны Д.Б. акчасын жана автоунаасын мыйзамсыз ээлеп алган «Адилет» аттуу кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата чара көрүүнү суранып УКМКга кайрылышкан.

«Кармалган эки жаран өздөрүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу катары тааныштырып, коркутуу жана алдоо жолу менен 2019-жылы чыгарылган Toyota Рrius үлгүсүндөгү автоунааны, ошондой эле 400 миң рублди ээлеп алышканы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту («Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык») боюнча иш козголгон. Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы тапта УКМК бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Ошондой эле башка ушул сыяктуу мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоодо.

Количество просмотров: 143