• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Таштандыдан ымыркай табылды. Атазов УКМКга суракка барды

9 Жетинин айы 2023 18:25 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУН ӨЗБЕКСТАНГА САПАРЫ

Президент Садыр Жапаровдун 8-9-ноябрда Өзбекстан Республикасына болгон иш сапары аяктады. Садыр Жапаров Ташкент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкөлөрдүн лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, атап айтканда, достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Иш сапардын экинчи күнүндө мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө экономикалык кызыкчылыктардын жалпылыгына негизделген аймактык жана региондор аралык интеграция келечекти көрө билүүнүн негизги элементи болуп саналарын белгиледи. ЭКУ заманбап шарттарда интеграциянын эффективдүү куралы болуу үчүн эбегейсиз потенциалга ээ.

Президент ошондой эле ЭКУ алкагында кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча көз карашын билдирди.

ДЕПУТАТ СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берди. Эл өкүлүнүн айтымында, ал күбө катары чакырылды.

ИНТЕРШУМ; Шайлообек Атазов https://govori.tv/deputat-atazov-surakka-kirip-ketti/

Эске салсак, бир мандаттуу Свердлов округунан депутат Шайлообек Атазовдун мандатына байланыштуу маселе жаралганын, шайлоодо ага иштеген бир канча тарапташы сурак бергени кабарланган. Кийин бул тууралуу депутат өзү да тастыктап, президентке жана УКМК башчысына кайрылуу жолдогон.

«КАКТУС МЕДИА» VS «ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК»

Бүгүн 9-ноябрда Жогорку Сот «Вечерний Бишкек» гезитинин Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыгарган жок. Соттук коллегия кеңешүү бөлмөсүнөн чыгып, иш кайра жандандырылганын айтып, кийинки соттук отурумду 10-ноябрга дайындады.

Былтыр 29-декабрда Kaktus.media сайтына «Вечерний Бишкектин» кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти” деген макала жарыяланган. “Вечерний Бишкек” бул макалада так эмес маалымат келтирилгенин билдирип, сотко кайрылган жана жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон. Kaktus.media басылмасынын жетекчиси  Дина Маслова коюлган доо менен макул эмес, ал юридикалык жак моралдык зыян тартышы мүмкүн эместигин айтууда.

Белгилей кетсек, быйыл 23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Басылманын журналисти Диля Юсупова 500 миң сом, «Промедиа Плюс» коомдук фонду (Kaktus.media басылмасынын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилген. 4-сентябрда апелляциялык арыз Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган.

ЧЕК АРАЧЫ КАЗА БОЛДУ

Баткен районунун чек ара отрядынын келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери 8-ноябрда спорттук иш чаралардын жүрүшүндө коопсуздук эрежесин бузуудан улам каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, спорттук иш-чаралардын жүрүшүндө 1996-жылы туулган прапорщик Ы. уулу С., баш мээсинен оор жараат алып, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишкен.

ТАШТАНДЫ ЧЕЛЕКТЕН ЫМЫРКАЙ ТАБЫЛДЫ

Саламаттык сактоо министрлиги таштанды челектен табылган жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалы тууралуу маалымат берди.

Ведомстводон билдиришкендей, 8-ноябрда саат 23:38де Бишкектеги №1 төрөт үйүнө апасы жок жаңы төрөлгөн ымыркай жеткирилген, эркек баланын салмагы 2210 граммды түзгөн. Ал убагына жетип эле төрөлгөнү менен салмагы аз болгон.

Баланын белгисиз шартта төрөлүшү, катуу гипотермиядан (температуранын 28,4 градуска чейин төмөндөшүнөн) абалы оор экени белгиленет.

Жандандыруу бөлүмүндө балага дароо бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү: кароо, жылытуу, инфузиондук терапия.

«Бүгүнкү күндө дарыгерлер баланын абалын туруктуу деп баалашууда, кычкылтексиз, формула менен тамактандырып, инкубатордо, дарыланып жатат. Балага бардык оптималдуу шарттар түзүлүп, байкоо уланууда», — деп айтылат маалыматта. Баланын ооруканага түшкөнү боюнча Октябрь райондук милициясына билдирилген.

Количество просмотров: 198