Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Бишкекте «Ала-Арча» резиденциясында президент Садыр Жапаров менен казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин тар чөйрөдөгү жолугушуусу жабык өтүп жатат. Анда эки өлкөнүн алака-катышына байланыштуу маселелер талкууланды.
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев кыргыз-казак чек арасындагы тыгындарды болтурбоону макулдашышты.
Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуусунун алкагында эки өлкө ортосунда бир катар документтерге кол коюлду. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин, аларды мындан ары өнүктүрүү, ынтымакты бекемдөө максатында бир катар документтерге кол коюлуп жатканын белгилешти.
Кыргызстан менен Казакстандын президенттери «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында сейилдешти. Мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин сейилдегени чыккандыгы айтылат.