• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Тынчыбаган чек ара. Кыргызстанда коронавирус 16 адамдын өмүрүн алды

25 Бугу 2020 17:18 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

25-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 30 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Өлкөдө бир сутка ичинде беш медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Анын айтымында, оору жуктуруп алган медиктердин бардыгы Бишкек шаарынан. Бир сутка ичинде Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынан 2 бейтап каза болду.

ЧОЛПОНБАЕВДИН СӨӨГҮ “АЛА-АРЧА” КӨРҮСТӨНҮНӨ КОЮЛДУ

25-майда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев акыркы сапарга узатылып, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары, достору, кесиптештери, анын ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдор катышты.

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ АБАЛ

Ушул тапта Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында салыштырмалуу абал туруктуу. Чыр-чатак чыккан чек ара тилкесинде эки өлкөнүн тиешелүү жетекчилеринин жолугушуусу болуп, анда жаңжалдын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

ЖОЛ КЫРСЫКТА 4 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
25-майдын түнүндө Бишкек-Ош жолунун 355-чакырымында, Кара-Көл шаарына жакын жерде жол кырсыгынан төрт киши каза болду. Дагы үч адам жаракат алган. «Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 31 жаштагы тургуну «Хонда Одиссей» машинеси менен Бишкекти көздөй баратып, автоунаасын чукул бурулушта башкара албай жолдон чыгып, 200 метр төмөнгө түшүп кеткен. Анын кесепетинен Кыргыз-Ата айылынын үч тургуну жаракат алып, Кара-Көл шаарынын аймактык ооруканасына түшкөн. Айдоочу менен бараткан үч адам каза болгон», – деп айтылат маалыматта.

САНИТАРДЫК ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕГЕНДЕРГЕ  АЙЫП САЛЫНДЫ

Санитардык талаптарды сактабаган мекемелерге дээрлик 1 млн сом айыппул салынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

КООМДУК ТРАНСПОРТ ИШИН ЖАНДАНТТЫ

Бүгүн, 25-майдан баштап Бишкек шаарында коомдук транспорт жүрө баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, буга чейин айтылгандай, линияга чыгуудан мурда транспорт каражаттары дезинфекцияланат. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жазылган санитардык эрежелер бекем сакталышы шарт. Кошумчалай кетсек, азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттай элек.

Количество просмотров: 154