• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Тышкы жардамдар каякка жумшалганы айтылды. Мурдагы вице-премьер суракка чакырылды

10 Теке 2020 18:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда 10-июлга карата коронавирус жуктурган дагы 511 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 9358 кишиге жетти.

КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ МЕКЕНИНЕ КЕЛДИ

Бүгүн Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак менен 192 кыргызстандык жаран учуп келди. Алардын арасында жаш балдар да бар.
Мындан тышкары 10-июлда Бишкек шаарына Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын 122 жараны келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, алар «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамы аркылуу келишти. Каттам менен Улуу Британия, Бахрейнден дагы келген кыргызстандык жарандар бар.
26-июнда кабыл алынган чечимге ылайык, чет жактан кайтып келгендер эгер оорунун белгилери жок болсо аэропорттон үйүнө коё берилет, ал эми оорусу байкалгандар дарыланууга жөнөтүлөт же ооруканага жаткырылат.

ТЫШКЫ ЖАРДАМДАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Өлкөнүн Финансы министрлигинин эсебине 321,4 миллион доллар келип түштү. Анын 173 миллион доллары иштетилип бүттү. Бул коронавирус менен күрөшүү иштерине, экономиканы колдоого жана социалдык төлөмдөр менен маяналарды төлөөгө жумшалган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУ ЭМНЕГЕ ӨЧҮРҮЛГӨНДҮГҮ АЙТЫЛДЫ

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбековдун YouTube каналына жарыялангандан кийин өчүрүлүп, кайра жүктөлгөн видеосу тууралуу комментарий берди. Президенттин пресс-кызматынын маалыматы боюнча, Youtube каналына жүктөлгөн видеонун астына билдирүүлөрдун көпчүлүгү фейк аккаунттардан жазылган.

ЭКС-ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова суракка чакыртылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Өмүрбекова “коррупция жана фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон” деп козголгон кылмыш иши боюнча  көрсөтмө берген. 

Количество просмотров: 553