• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: УКМК Кутманованы кармады. Ысык-Көлдө 2 эс алуучу каза болду

25 Теке 2023 18:18 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРАДАГЫ ЧЫР

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасында чек арадагы тажик-кыргыз жарандарынын ортосунда болгон окуяга комментарий берип, болгон окуя боюнча өз версиясын жазган. Орунбеков, “Кыргызстандын жараны Аксай айылынын тургуну мас абалында тажик машинасын токтотуп, таш мененуруп айнектерин сындырып салган. Тажиктер машинадан түшө калып биздин 3 жаранды сабап салышкан», деген билдирүү жазган. Бирок көп өтпөй Дайырбек Орунбеков жогорудагы билдирүүнү өчүрүп салып, мунун себебин түшүндургөн эмес. Бул арада окуянын катышуучулары менен жеке өзү жолугушкан Ак-Сай айыл өкмөт башчысы Алимбек Сабиров 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айткандарын четке каккан. Ал белгилегендей, Кыргызстандын жараны мас абалында болгон эмес.
Ал эми КР УКМКсынын Чек ара кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке автоунаада Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ошол эле убакта аталган жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 автоунаадан турган колонна Тажикстандын Ворух анклавынан Ходжаи-Аало айылына бараткан. «Тажикстандын жарандары унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын унаасынын жолун кесишкен. Мунун кесепетинен Дача жергесинде жогоруда аталган Кыргызстандын жарандары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын ИИМнин аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген. Бирок ал кызматкер окуя орун алган жерге келгенинде Тажикстандын жарандары — Ходжаи-Аало айылынын тургундары ага кол салышкан. Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, унаасынын арткы айнегин сындырышкан», — деп маалымадалат билдирүүдө. Кошумчалангандай, учурда чек ара аймагында абал туруктуу.

АБИРОВ КАЙРА ШАЙЛООГО КАТЫША АЛБАЙТ
Жаныбек Абировдун Бишкектеги Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүүгө укугу жок. Бул тууралуу Govori.TVга БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, Абиров кайра шайлоонун дайындалышына себепкер болгондуктан шайлоого катыша албайт. Белгилей кетсек, кечээ 24-июлда мурдагы депутат Жаныбек Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарандардын суроолоруна жооп берген. Анда ал кайра шайлоого катышуу тууралуу шайлоочулардан кайрылуулар келип жатканын айтып, бул жаатта ойлонуп жатканын билдирген. Эске салсак, Абиров үстүбүздөгү жылдын 27-мартында мандатын тапшырганын жарыялап, буга өзү катышкан мушташ себеп болгонун, мындан ары депутат катары ишин улантууга моралдык укугу жоктугун айтканы бар. БШК аны мандаттан ушул эле күнү ажыратып, кийин кайра шайлоо дайындалган.

КУТМАНОВА КАМАЛДЫ
Мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады. Маалыматка караганда, Динара Кутманова экология министри болуп турганда мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык тармакты уюштурган. Мындай иштерге кол алдындагы кызматкерлерин, уулу жана сиңдисин, үй кызматкери, уулунун досу жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.
«Үч жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону министрликтин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн. Ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген. Ошондой эле, каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Кутманова тарабынан Комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды. Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Динара Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө. Кутманова өзү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда»,-деп жазылат маалыматта.

КӨЛДӨГҮ КЫРСЫК: 2 КИШИ КАЗА БОЛДУ

Чолпон-Ата шаарында теплоходко урунуп жабыркаган үч кишинин экөө каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 23-июль күнү Ысык-Көл РИИБне, Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн 3 адам денесинен оор жаракаттарды алып ооруканага түшүп бирөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп, экөөсү жанадандыруу бөлүмүндө оор абалда жайгаштыргылганы боюнча билдирүү келип түшкөн. «Териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунганы белгилүү болгон. Натыйжада, үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган», -деп айтылат билдирүүдө. Кошумчалангандай, Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Учурда тийштүү соттук медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.

УНАА БАШКАРУУ УКУГУНАН АЖЫРАГАН АЙДООЧУЛАР

8-марттан тарта бүгүнкү күнгө чейин 1800дөн ашуун айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Эскерте кетсек, 2023-жылдын 8-мартынан тартып мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлүп, унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген. Ошол себептүү талдоо көрсөтүп тургандай, мас абалында унаа башкаргандардын саны 17 пайызга азайып, айдоочулардын жоопкерчилиги жогорулап жаткандыгы байкалууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мындан ары да, айдоочулардын мас абалында унаа башкаруусуна жол бербөө иретинде рейддик иш-чараларды күчөтөт.

Количество просмотров: 92