• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: УКМК таппай жаткан депутаттын дайыны айтылды. Сасык тумоо күчөп мектептер жабылды

13 Бештин айы 2022 19:49 Бишкек Govori.TV

“МУРАС” ТУРНИРИ ӨТӨТ

Бишкекте 14-15-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, “Газпром балдарга” спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.

Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.

Оюндар КТРК спорт жана ЭЛТР телеканалдарынан түз алып көрсөтүлөт. Эске салсак, иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

КАРМАЛГАНДАРДЫН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛДЫ

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 13-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчылар менен активисттердин бөгөт чарасын өзгөртүү же ошо бойдон калтыруу маселесин кароо уланды.

Биринчи май соту бүгүн, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Перизат Суранова, Эрлан Бекчоро уулу,Атай Бейшенбек, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, саясатчы Жеңиш Молдокматов, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкуловалардын ишин карап камактагы мөөнөтүн узартты. Соттун чечимине ылайык, айыпталуучулар 2023-жылдын феврал айына чейин камакта калат.

Бул иштеги айыпталуучулардын бири активист Эрлан Бекчоро уулу тергөөнүн жүрүшүнө нааразы пикирин айтты.

Ал эми саясатчы Жеңиш Молдокматов камакта олтурган убактан бери бир гана жолу тергөө үчүн сурак болгонун билдирсе, жарандык активист Атай Бейшенбек өзүнүн бул ишке эч кандай тиешеси жок экенине карабастан камакта олтурганын айтып, нааразы болду.

24-25-октябрда Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы жана активисттердин соту болуп, 20-декабрга чейин камакка алынган. Кийин шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлиги тарабынан  башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 30дай болду. Кармалгандар коюлган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук катары баалап келишет.

Ички иштер министрлиги Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөнүн, анын алкагында «массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын маалымдашкан. Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

ЖАМГЫРЧИЕВ ЭМГЕК ӨРГҮҮ АЛГАН

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев эмгек өргүүгө чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Эске салсак, Эмил Жамгырчиевди 27-ноябрда  кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда чек арадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармап, кайра коё берген. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан чек арадан өтө албай калып, Чыңгыз Айдарбеков коңшу өлкөгө чыгып кеткен. Кийинчерээк Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүргөнүн, Кыргызстанга жакынкы убакта кайтып келерин билдирген.

Ал арада депутут Жанар Акаев болсо Жамгырчиевдин үйүнөн аудио жаздыруучу аппараттар табылганын билдирген.УКМК бул маалыматты четке кагып, депутат Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз болуп жатканын кабарлаган.

Көп өтпөй Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевди актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев “Пара алуу” беренеси менен кармалган. Кийин үй камагына чыгып, бардык соттук инстанциялардан акталган

САСЫК ТУМООЛОГОНДОР КӨБӨЙДҮ

Кыргызстанда соңку апта ичинде сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн 13-декабрда Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 5-11-декабрь аралыгында сасык тумоо менен 14 миң бейтап катталган, ага чейинки аптада бул көрсөткүч 9 миңдин тегерегинде болгон.

Бейтаптардын 68% 14 жашка чейинки курактагы балдар.

Ал арада Чүй облусунда балдар арасында сасык тумоо күчөгөндүктөн, 13-декабрдан тарта алты мектеп карантинге жабылды.

Мындай чечим мектептерде балдардын 20% окууга барбай жаткандыктан кабыл алынган. Карантинге жабылган алты мектеп тең Аламүдүн районунда жайгашкан.

Буга чейин Оорулардын алдын алуу, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы башкы дарыгерлерге Кыргызстандагы жалпы бала бакча жана мектептерди кыдырып, абал менен таанышуу тапшырмасын берген.

КАЛААНЫ КАПТАГАН КАРА ТҮТҮН

Количество просмотров: 3163