• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Улуттук банктын экс-кызматкерлери кармалды. Эми Бишкек мэрин эл шайлайбы?

14 Жалган куран 2023 18:06 Бишкек Govori.TV

АБИРОВ ҮН КАТТЫ

Бишкектеги ресторандардын биринде жаранды сабады делген Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров кыргызстандыктардан кечирим сурап, Фейсбукка пост жазды.

Депутат  жабырлануучунун үй-бүлөсүнөн дагы кечирим сурап, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын», — деп жазды Абиров.

Буга чейин, 14-мартта Бишкек шаардык милициясы Абиров катышканы айтылган мушташ боюнча «Бейбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш иштин негизинде издөө иштери жүргүзүлүп, 35 жана 36 жаштагы эки киши кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдаган.

Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптешин мандаттан ажыратуу тууралуу төмөндөгүдөй пикирин айтышты.

12-мартта, соцтармактарда бир топ эркек кишилердин мушташкан видеосу тараган. Ага эл өкүлү Жаныбек Абиров дагы катышкан. Жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

БИШКЕК МЭРИН ЭЛ ШАЙЛАЙБЫ?

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети жергиликтүү бийлик боюнча жана борбор калаанын статусу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоор колдоо тапты. Мыйзам долбоорду депутаттар Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Фарходбек Алимжанов, Чыңгыз Айдарбеков, Азамат Исираилов, Гүлкан Молдобекова, Эмил Жамгырчиев демилгелеген.

Ошондой эле депутат Акаев жаңы конуштардагы үйлөрдүн документтерин бүтүрүүгө президент өзү баш болуп чуркап жүргөнүн, эгер түз шайлоо болсо, талапкер шаарды кыдырып, өзүнүн программасын айтарын, азыр тескерисинче, эки-үч кишинин көңүлүн алган адам гана дайындалып жатканын айтып өттү.

Жыйында сөз сүйлөгөн депутаттар Оштун мэрин да элдик шайлоо жолу менен бекитүү демилгесин көтөрүүнү сунушташты.

Буга чейин мэрлер шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шайланып келген. 2021-жылы мыйзамга өзгөртүү киргизилип, республикалык жана облустук шаарлардын мэрин президент, райондук шаарлардын мэрин аким дайындап калган.

ЖАЗАСЫ ЖЕҢИЛ УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНЫН МЫЙЗАМЫ ЖООПКЕРЧИЛИКТЕН КУТКАРАТ

Буга чейин 2019-жылы кодекстерге өзгөртүү киргизилип, анда болушунча гумандуу болууга аракет жасалган. Жаңы кодекстер совет доорунда калыптанып калган системаны талкалап ордуна европанын жаңы системасын алып келүүгө багытталган. Бирок, буга Кыргыз Республикасы даярбы?, 2019-жылга укук коргоо органдарында жаңы шарттарда иштегенге даяр адистери бар беле?, Коом мындай бурулуштарга даярбы?,-деген суроону учурунда милициянын генерал-майору, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев кабыргасынан койгон.

УЛУТТУК БАНКТЫН МУРДАГЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРМАЛДЫ

Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКга мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, (учурда «Керемет Банк» ААКсы) 8 млрд сомго Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мурдагы жетекчилигинин «Росинбанк» ААКсынын акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар келип түшкөн.

Бул кылмыш ишинин алкагында, комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы менен иш боюнча алынган далилдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы эки орун басарлары, ошондой эле башкармалыктын мурдагы эки мүчөсү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды уланып жатат.

МЭРИЯДА МЫЙЗАМ БУЗУУ АНЫКТАЛДЫ

Прокуратура тарабынан Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгында борбор калаанын өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугуна карата текшерүү жүргүзүлдү. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, текшерүүдө, ар ай сайын эки маянанын өлчөмүнө чейин мыйзамсыз жогорулатуу менен кошумча үстөк акы төлөнүп келгендиги аныкталган. “Натыйжада, бюджеттик каражаттардын 781 млн 397,3 миң сомдун мыйзамсыз чыгымдалышына жана анын ысырапкорчулугуна жол берилип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген”,-деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул арада Бишкек мэриясы аталган маалымат боюнча комментарий берип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы мыйзамдуу түрдө төлөнүп берилгенин билдиришкен.

КҮЙГӨН ООРУКАНАГА АКЧА БӨЛҮНДҮ

Аксы районунун Кербен шаарындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун күйүп кеткен чатырын жабууга 6 млн сом бөлүндү. Аталган оорукананын директору Медербек Осмоновдун айтымында, чатыры толугу менен күйүп кеткен, өрт имараттын ичине жеткен эмес, бүгүнкү күндө имараттын ичин тазалоо иштери жүрүп, жабдыктар орнотулууда. Өрттөн келтирилген зыян эсептелүүдө. Ошондой эле Жалал-Абад облустук ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы Акмат Самарбеков 2023-жылга оңдоо иштерине 17 млн ​​сом бөлүү пландалып, анын 6 млн сому имараттын чатырын тез арада жабууга бөлүнгөндүгүн билдирди.

Аксы районуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында министр Гүлнара Баатырова облустун саламаттыкты сактоо уюмдарында өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, кечээ аталган ооруканада өрт чыгып, тилсиз жоону өчүрүү үчүн жерине төрт бөлүм тартылган. Ооруканадан 72 жаран эвакуацияланып, жабыркагандар болгон эмес.

Количество просмотров: 361