• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Улуттук гвардиянын жоокерлери сабалды. Беларустагы митингчилерди Бишкекте колдоп чыгышты

17 Баш оона 2020 19:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Акыркы суткада Баткен облусунда бир адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди. Анын айтымында, COVID-19 илдетинен (пневмонияны эсепке алганда) жалпы 1 миң 496 адам каза болду. Ушул эле маалымат жыйында акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония оорусу 135 адамдан аныкталганы белгилүү болду.

ӨКМӨТТҮН ОШТОГУ ӨКҮЛҮ ДАЙЫНДАЛДЫ

Байыш Юсупов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Жаңыдан дайындалган өкүл эмгек жамаатына 17-августта тааныштырылып, ага вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, район акимдери жана облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Байыш Юсупов 2013-жылдан бери өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин Кара-Суу районунун акими, Жогорку Кеңештин депутаты жана пахта тармагындагы ишканаларда да эмгектенген

САЛЫКЧЫ КАРМАЛДЫ

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөгөн башкы инспектору кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, жетекчилик кызматты аркалаган салыкчы «Кыргыз темир жолу» ишканасында уюштурулган тендерлерде кайсы бир компания менен байланышта болгон жана аны калкалап, коррупциялык схеманы ишке ашырууда негизги ролду ойногон. Бишкектин Биринчи май райондук соту Жазык кодексинин 319-беренеси менен («Коррупция») айыпталып жаткан салыкчыны 15-августта камакка алган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

УЛУТТУК ГВАРДИЯНЫН ЖООКЕРЛЕРИ САБАЛДЫ

Улуттук гвардиянын жоокерлери офицерлер тарабынан сабалды. Маалыматты Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматынан ырастады. Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын июль айында болгон. Чатакка Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүнүн биринин эки офицери жана келишимдик негизде иштеген эки кызматкер аралашкан. Ички иликтөө учурунда жети жоокер 16-июлдан 21-июлга чейинки аралыкта сабалганы белгилүү болгон. Анда жоокерлердин саламаттыгына анча көп доо кетпегени айтылат. Топтолгон материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилип, учурда иликтөө уланып жатат.

БИШКЕКТЕ УНАА ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮНҮ СҮЗҮП ӨЛТҮРДҮ

Бишкек шаарында жөө адамды унаа сүзүп, жаракат алган жаран каза болду. Бул тууралуу  Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-августка караган түнү болжол менен саат 00:00дө Манас менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа 30-35 жаштагы аял кишини сүзүп алган. Жол кырсыгына кабылган аял алган жаракатынан каза болгон.

БЕЛАРУСТАГЫ МИТИНГЧИЛЕРДИ КОЛДОГОН АКЦИЯ

Бишкекте Беларустагы митингчилерди колдогон акция өттү. Акцияга он чакты киши катышып, «Зомбулукту токтоткула!», «Беларус, Кыргызстан сени менен» деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп алганын көрүүгө болот.

АВГУСТТА СУУГА ЧӨККӨНДӨР

Август айында сууга чөгүп кеткен 5 киши табылбай жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 7-августта Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына түшүп кеткен жети жаштагы бала табылбай жатат. Аны издөөгө ӨКМдин куткаруучулары, суучулдар жана жергиликтүү тургундар тартылды.










Количество просмотров: 555