• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Вирус жугузгандар 11 миңден ашты. Шайлоону жылдырууну талап кылгандар кармалды

13 Теке 2020 19:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 13-июлга карата коронавирус жуктурган дагы 488 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Жаңы катталгандардын арасынан  125и медкызматкерлери. Ал эми 13-июлга карата дагы 73 адам коронавирус оорусунан дарылангандан кийин айыгып, ооруканадан чыкты. Акматованын  маалыматына ылайык өткөн сутка ичинде пневмониядан 29 адам каза болсо, ал эми 15 бейтап COVID-19 инфекциясынан көз жумду.

БОРОНОВ «СЕМЕТЕЙГЕ» БАРДЫ

«Семетей» обсервациясындагы реанимацияда түзүлгөн шарттар адам өмүрлөрүн сактоого көмөк берет. Мындай ишенимди премьер-министр Кубатбек Боронов «Семетей» обсервациясынын иши менен таанышып, көчмө жыйын өткөргөн учурда билдирди. «Бүгүнкү күндө COVID-19 шектелген оорулууларды кабыл алып жаткан көптөгөн медициналык мекемелер өнөкөт оорусу бар бейтаптарды кабыл ала алышпайт. Учурда дал ушул «Семетей» обсервациясында көптөгөн сандагы, башкача айтканда, 600дөн ашуун оорулуулар дарыланууда. Ошондуктан обсервациянын аймагында реанимация бөлүмү уюштурулган. Мында Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан да оорулууларды алып келүүдө», – деди Кубатбек Боронов.

БИШКЕКТЕ ТҮНКҮ СТАЦИОНАРЛАР АЧЫЛУУДА

Бишкектин ар бир районуна түнкү стационарларды ачуу иштери жүрүп жатат. мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, 7-кичи райондогу спорт комплексинин базасында бир стационар даярдалды, анда 97 орун бар. «Консул» ресторанынын ээлери да имаратты стационар  үчүн беришкен. Учурда Бишкекте 12 күндүзгү стационар иштеп жатат. Аларда тогуз күн ичинде 23 миң 819 адам кабыл алынган. Анын ичинен 17 миң 890 адам капельница алган, 5 миң 781 киши консультация алды, 139 киши жаткырылды, 9 киши каза тапты.

МИТИНГГЕ ЧЫККАНДАР КАРМАЛДЫ

Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоону жылдыруу талабы менен “Ала-Тоо” аянтына митингге чыккан 5-6 адамды милиция кармап кетти. Акцияга чыккандар,COVID-19 менен ооругандардын саны азайганга чейин парламенттик шайлоону өткөрбөй турууну, өлкөнүн аймагында өзгөчө абал режимин киргизүүнү, шайлоону өткөрүүгө каралган бардык ресурстарды элге медициналык жардам көрсөтүүгө багыттоо сыяктуу бир катар талаптарды коюшкан. Милиция аларды эмне себептен кармап жатканын түшүндүргөн эмес.

АТКАМИНЕРЛЕР САНАВИАЦИЯ МЕНЕН УЧУП КЕТҮҮДӨБҮ?

Социалдык тармакка тараган маалыматта айтылгандай, кыргызстандык аткаминерлер жакында «Манас» аэропортунан эл аралык чартердик каттамдар менен учкан эмес. Бул туурасында аталган аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, эл арасында атайын борт менен cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска кабылып, Германияга дарыланууга учуп кетти деген маалымат тараган. Аэропорттун маалымат кызматы коомчулуктан мындай такталбаган кабарларды таратпоону суранган.

ПНЕВМОНИЯДАН ЭКИ ПРОКУРОР КАЗА БОЛДУ

Кыргызстанда эки тараптуу пневмониядан улам эки тергөөчү каза болду.Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык тергөөнүн ага тергөөчүсү Эрмек Төрөкулов 50 жашында, жана Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө иш-аракеттерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Рустам Кожобеков 48 жашында дүйнө салды. «Каза болгон эки кызматкер өз кесиптерин мыкты билген кесипкөй инсандар болчу. Эрмек Төрөкулов — 1996-жылдан тартып тергөө органында эмгектенип келди, ал эми Рустам Кожобеков — 2005-жылдан тартып иштеп баштаган. Алар бир нече жолу мекеменин сыйлыктарына татып келишкен. Башкы прокуратура алардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп билдирди башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы.



Количество просмотров: 320