• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Вирус жуктургандар 45 миңден ашты. «Баарына каршы» добуш берүү кимге пайда алып келет?

18 Аяк оона 2020 20:15 Бишкек Govori.TV

«БААРЫНА КАРШЫ» ДОБУШ ҮСТӨМДҮК КЫЛСА ЭМНЕ БОЛОТ?

Парламенттик шайлоого карата саясий партиялардын үгүт иштери кызуу жүрүүдө.Бирок ошол эле учурда социалдык түйүндөрдө каршы добуш берем дегендер көбөйдү. «Баарына каршы» добуш үстөмдүк кылса эмне болот? Кененирээк алдыдагы материалда….

ҮГҮТ ЧЫРЫ ИЛИКТЕНЕ БАШТАДЫ

Ош шаарында парламенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу фактысы боюнча иликтөө башталды. Ош милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай , факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренесинин («Майда бейбаштык») негизинде каттоого алынды.

ЭКС-МИНИСТР КАМАЛДЫ

Биринчи Май райондук сотунда мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен ал 15-ноябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Космосбек Чолпонбаев «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга” шектелип жатат. Ал мамлекеттик бюджетке 65 млн сом зыян келтиргени айтылууда.

КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ: СОТТУК ОТУРУМ ЖЫЛДЫ

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча бүгүнкүгө белгиленген отурум 21-сентябрга жылды. Буга айыпталуучулардын бири Фархат Баабиевдин жактоочусунун сотко келбегени себеп болду.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Өлкөдө бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 91 кишиден аныкталды. Бул он күн мурдагы көрсөткүчтөн 23 кишиге көп. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 18-сентябрдагы брифингде билдирди. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус жалпы илдет 45244 кишиге жукту. Анын 41 415и айыкты. Вирустан 1063 адам кайтыш болду.

ЭРТЕҢ ӨЛКӨ БОЮНЧА ИШЕМБИЛИК ӨТӨТ

Эртең, 19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстан боюнча ишембилик өтөт. Бул тууралуу «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова билдирди. Ишембилик эртең мененки саат 09:00дөн 12:00гө чейин уланат.

Количество просмотров: 143