• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Вирусту байланыш аркылуу жугузгандар көбөйдү. Мигранттарды текшерип алып келүү сунушталды

28 Бугу 2020 17:13 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

28- майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 74 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ошондой эле бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда дагы 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.

ВИРУСТУ БАЙЛАНЫШ АРКЫЛУУ ЖУГУЗГАНДАР КӨБӨЙДҮ

Өлкөдө вирустун симптомдору менен медициналык мекемелерге кайрылган айрым адамдар вирусту кайдан, кимден, кандай жол менен жугузуп алганын билишпейт. Министрдин орун басарынын айтымында, бул оорунун очогун аныктоо кыйын.

ЖЭЭНБЕКОВ ПАРАДГА КАТЫШАТ

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышат. Бул маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматы тастыктады. Россиянын Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадды 24-июнда, «Өлбөс полк» жүрүшүн 26-июнда өткөрүү пландалып жатканын федерациянын президенти Владимир Путин билдирген.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕГИ ТАЛКУУ

Жогорку Кеңештин депутаттары кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерден алып келүүнүн алдында коронавирус инфекциясына карата текшерип туруп, анан алып келүүнү сунуштады.  Депутат Марлен Маматалиев учурда вирус сырттан келген жарандардан көп табылып жатканын белгиледи. Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов Кыргызстандын өкмөтү чет жактан жүргөн мигранттарды ташып келүү боюнча авиакаттамдарды көбөйтүүнү талап кылды.

ЧЕК АРАДА ӨРТТӨЛГӨН ҮЙ КУРУЛУП ЖАТАТ

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасында орун алган чырдын кесепетинен толугу менен өрттөлгөн турак үйдүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Количество просмотров: 297