• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ыктыярчы-дарыгердин ыйлаганы зээнди кейитти. 49 миң долларлык «Тез жардам» унаасы бузулуп, талкуу жаратты

17 Теке 2020 20:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 17-июлга карата лабораториялык тастыкталган коронавирустун 603 учуру менен клиникалык жана эпидемиологиялык жол менен тастыкталган коронавирус же пневмониянын 1051 учуру аныкталган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Жаңы катталгандардын 603 учурдун арасынан  120сы медкызматкерлери. Ал эми 17-июлга карата дагы 86 адам коронавирус оорусунан дарылангандан кийин айыгып, ооруканадан чыкты. Акматованын  маалыматына ылайык өткөн сутка ичинде пневмониядан 77 адам каза болсо, ал эми 6 бейтап COVID-19 инфекциясынан көз жумду.

ЖАҢЫ АЛГАН ТЕЗ ЖАРДАМ УНААСЫ ЭМНЕГЕ БУЗУЛДУ

Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында алынган 13 автоунаанын бирөөсү Боом капчыгайында бузулуп калды. Интернетте “Тез жардам” автоунаасынын жолдо бузулуп турганы тартылган видео тарап, кызуу талкууга алынды. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү тез жардамдын айдоочусу жол жаман жерлерде айдоого боло турчу системаны күйгүзбөй калгандыктан унаа бузулганын айтты.

КОРОНАВИРУС МЕНЕН ООРУГАН ЖАРАН ӨЗҮНӨ КОЛ САЛДЫ

Ош шаардык клиникалык ооруканасында коронавирус илдети менен ооруп, дарыланып жаткан 65 жаштагы эркек киши оорукананын экинчи кабатынан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы кабарлады. Окуя 15-июль күнү кечки саат 22:00дор чамасында болгон. Маркум алган жаратынан улам каза болуп, тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалды. Бул факты өзүн-өзү өлтүрүү фактысы катары каттоого алынды.

БЕЙТАП ҮЧҮН ЫЙЛАГАН ЫКТЫЯРЧЫ

Оорукананын алдында жан берген бейтапты сактап кала албаганын айтып ыйлаган ыктыярчы кыздын видеосу социалдык түйүндөрдө тарады. Анда ыктыярчы кыздын “Мен аны сактап калмакмын, ортодо жети мүнөт жоготуп алдым” деп ыйлап жатканын көрүүгө болот.

СТАЦИОНАРЛАРГА КҮНҮНӨ 4 МИҢДЕЙ АДАМ КАЙРЫЛУУДА

Бишкектеги күндүзгү стационарларга күнүнө 4 миңдей жаран кайрылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ күндүзгү стационарларга 4 миң 234 жаран кайрылган. Алардын ичинен 3 миң 136сына капельница коюлган, 1 миң 75 жаран медициналык кеңеш алган жана 22 бейтап ооруканага жаткырылган. Свердлов районундагы стационарда 69 жаштагы аял киши илдеттен каза болду.

БОРОНОВ МИНСККЕ УЧУП КЕТТИ
Премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүү билдирет. Жыйындын күн тартибинде соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактарында өз ара иштешүү маселелери бар.

Количество просмотров: 775