• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ысык-Көлдө кайрадан коронавирус чыкты. Убара кылган уруксат кагазы

11 Бугу 2020 17:58 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн,11-майга карата Кыргызстанда 13 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы 14 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ушул эле маалымат жыйында коронавирус менен ооруган бейтаптардын баары ооруканаларждан чыгарылды деген Ысык-Көл облусунда кайрадан вирус жуктурган учурлар аныкталганы айтылды. Ал эми бул тууралуу Ысык-ол облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу  окүлүнун басма сөз катчысы кененирээк айтып берди.

АТАМБАЕВ СОТКО АЛЫНЫП КЕЛИНДИ

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтүп, отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышты.

Бүгүнкү отурумда прокурорлор мындан ары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башка соттолуучулар менен катар темир тор ичинде отурушу керек деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырды. Буга чейин Атамбаев адвокаттардын жанында отурчу.
Мындан тышкары, отурумда Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаев ооруп жатканын, балким бул коронавирус болушу мүмкүн экенин, коркуп жатканын сотко билдирген.

УРУКСАТ КАГАЗЫ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ

Бүгүн, 11-майда өкмөт үйүндө онлайн жыйында Бишкек мэри Азиз Суракматов 11-майдан тарта жумушка чыккан айрым кызматкерлерде маршруттук кагаз, жашаган жеринен справка жана иштеген жеринен уруксат кагазы болуусу керек деген билдирүү жасады.

БЕТКАПСЫЗ ЖҮРГӨНДӨРГӨ АЙЫП САЛЫНАТ

Бишкекте санитардык нормаларды бузгандарга өзгөчө көңүл бурулуп,бет кап тагынбай жүргөн жарандарга айып салынат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

КАДЫР ТҮН КАЧАН БОЛОРУ АЙТЫЛДЫ

Быйыл Кадыр түн болжол менен 19-майдан 20-майга караган түнгө туура келет. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

Количество просмотров: 301