• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: ЖМК мыйзамын дагы бир комитет караган жок. Жоокерлерди сабаган шектүүлөр кармалды

22 Үчтүн айы 2024 18:46 Бишкек Govori.TV

МАММҮЛКТҮН ДИРЕКТОРУ ИШТЕН БОШОТУЛДУ

Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону 22-январда маалымдалды.

Тургунбеков бул кызматка 2023-жылдын 27-февралында дайындалган. 2021-жылдан бери Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Ага чейин президенттик шайлоо учурунда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун штабын башкарган.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду тескемеге ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Азырынча алардын ордуна ким келгени маалымдала элек.

ЖМК ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ МЫЙЗАМ

Бүгүн, 22-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.

Депутат Эльвира Сурабалдиева аталган мыйзам долбоорун сынга алды.

Депутат Акылбек Түмөнбаев болсо жыйынга министр Алтынбек Максүтов, Акыйкатчы келип толук маалымат бериши керектигин айтып, мыйзам долбоорун күн тартибинен алуу сунушун берди.

Бул мыйзам долбоор 15-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен да алынган. Анда депутат Айбек Осмонов мыйзам долбоордо талаштуу беренелер көп экендигин айтып, кайра иштеп чыгууну сунуштаган.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

ЖООКЕРЛЕРГЕ ЗОМБУЛУК КӨРСӨТКӨН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин кызмат адамдары «жоокерлерге зомбулук көрсөткөн» деген шек менен кармалганын билдирди.

Башкы көзөмөл органынын 22-январдагы маалыматына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча үч адам камакка алынды. Ушул тапта тергөө жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка да адамдар такталып жатат.

Мекеме камакка алынгандар кайсы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери экенин маалымдаган жок.

Кыргызстанда жоокерлерди уруп-сабаган окуялар буга чейин да болгон. Алардын айрымдары өлүм менен аяктаган да учурлар бар.

Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчетуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапса, алардын 12си суицидге барган.

БАЛА БАКЧА ДИРЕКТОРУ ПАРА БЕРҮҮГӨ АРАКЕТТЕНГЕН

Ошто диний сабак өткөрүлгөн бала бакчанын директору милицияга пара берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБдин менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери биргеликте «Би-Би» аталыштагы балдар бакчасынын ишмердүүлүгүн текшеришкен. Анткени, буга чейин интернет тармагына аталган балдар бакчасында башка улуттун кийимдерин кийгизип, диний сабактар өткөрүлүп жатканы тууралуу видео тараган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 19-январда бала бакчанын жетекчиси 1970-жылы туулган Ф.Х. өз кызыкчылыгын коргоп, жогоруда аталган фактылар боюнча текшерүү иштерин токтотууну көздөп милиция кызматкерлерине 20 миң сом пара сунуштап, аны берип жаткан жеринен кармалды. Пара берүү учуру фото-видео менен тастыкталган.

Азыркы учурда аталган факты боюнча Ош ШИИБнын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш кодексинин 354-беренеси («Пара берүү») менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛ

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкөдө кызамык менен ооруган 536 учур катталды. Аймактар боюнча алганда, эң көп оору жугузгандар Бишкек шаарында (177 учур), Жалал-Абад облусунда (130), Ош облусунда (75), эң азы Баткен жана Ысык-Көл облустарында (бештен), Нарын облусунда (3 учур) катталган.

1 жашка чейин – 18; 1-4 жаштагылар — 201; 5-9 жаштагылар – 77; 10-14 жаштагылар — 22; 15-19 жаштагылар — 13; 20-29 жаштагылар – 24; 30 жаштан жогоркулар — 17 учур катталган.

Мекеме Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жыл башында Бишкек шаарында башталганын, Түркиядан жана Орусиядан жуктуруп келген учур катталып, алынган анализдерди изилдеп чыкканда, вирустун D8 генотиби аныкталганын маалымдады.

Былтыр оорунун 7046 учуру катталып, алардын 43,5% 1-4 жаштагы балдар түзгөн.

Акыркы эки жылда бул оорудан тогуз бала чарчап калган. Дарыгерлер кызамыктын кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда.

Количество просмотров: 113