• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Күндүн ыргагы: Өзгөндүн мэри камакта калды. Айылдашын бычактап, мамыга байлаган шектүү кармалды

17 Жетинин айы 2023 18:34 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРА БОЮНЧА ТОПТОР ЖОЛУКТУ

11-17-ноябрь күндөрү Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын калган участоктордогу долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты. Бул иш Тажикстанда өтө турган кийинки отурумда улантылат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтун буга чейинки жолугушуусунда топографиялык жана укуктук маселелер боюнча топтор кезигип, мамлекеттик чек аранын 17,98 чакырымы боюнча макулдашылганы кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 км такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.

КМШ ПАА ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин жыйыны өттү.

Анда КМШ ПААнын кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышын чыңдоодо Жогорку Кеңештин ролу чоң экенин белгиледи.

Ошондой эле Ассамблеянын өнүгүшүнө жана парламенттер аралык байланышты арттырууга кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге «КМШ ПААнын 30 жылдыгы» маарекелик медалын ыйгарды.

Андан тышкары, кеңештин жыйынынын жүрүшүндө парламенттик ассамблеянын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маселелер талкууланып, КМШ алкагындагы алакаларды арттырууга багытталган сунуш-пикирлер айтылды.

ӨЗГӨНДҮН МЭРИ КАМАКТА КАЛДЫ

Ош шаардык соту Өзгөн шаарынын мэри Данияр Моңолдоровдун баш коргоо чарасын карап, 9-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Өзгөн шаарынын мэри уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген шек менен 15-ноябрда кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле «мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу топбунун ишине катышкан деп айыпталган.

Экс-мэр кылмыш дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып жүргөнү айтылды. Мисалы, кылмыштуу топтун мүчөлөрү жарандык активистти коркутуп, Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана аны коомчулукка чагылдырбоону талап кылган факты аныкталган.

13-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан мэрдин кызматтык иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлдү. Ал Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камака алынды.

СООДА-ӨНӨР ЖАЙ ПАЛАТАСЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШТЕН КЕТТИ

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев палатанын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармаган кызматкерлери тергөө аяктаганга чейин кызматтан убактылуу четтетилгенин билдирди. Бул тууралуу ал 17-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Темир Сариев экспортко чыккан товарларга мыйзамсыз сертификат берген деп шек саналып жаткан Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн кызматтан четтетилген жетекчилери 2021-2022-жылдардагы иштерге байланыштуу кармалганын кошумчалады. Анын маалыматына караганда, мыйзамсыз иштерди алдын алуу үчүн сертификаттарды берүүнүн жол-жобосуна өзгөртүү киргизилген.

Атайын кызмат 17-ноябрда Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери (Б.Э.Ю. жана П.К.) экспорттолуучу товарларга мыйзамсыз сертификат берип, айрым ишканаларга салыктан качууга шарт түзүп берген деген шек менен кармалганын кабарлаган.

УКМК маалымдагандай, алар көмүр экспорттогон ишканаларга кымбат көмүрдү “арзан” деп сыпаттаган сертификат берип турган. Бул кызматы үчүн ал ишканалардан акчалай сыйлык алышкан. Кармалган шектүүлөр менен алардын адвокаттары комментарий бере элек.

ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Өзгөндө 44 жаштагы киши айылдашын бычактап, мамыга байлап койгон. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда саат 00:30 чамасында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран денесинен жараат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Анда 13-ноябрда саат 22:00 чамасында Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну өзү жашаган үйүнө ошол айылдын тургуну, 44 жаштагы Э.Т.ны чакырып, үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишип, натыйжада К.Ш. бычак менен денесине жараат келтирип, электр мамычага жип менен байлап койгону маалым болгон.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге милициянын аймактык тескөөчүлөр жетип келип, жабырлануучуга тез жардам кызматын чакырып, биринчи медициналык тез жардамын көрсөтүшкөн.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө («Ден-соолукка оор залал келтирүү») көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургун кармалып, камакка алынды.

БЕКИЛИП КАЛГАН БАЛДАР КУТКАРЫЛДЫ

Ош шаарында эшиги бекилип калган батирден эки бала куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Батирдин ичинде 2 жана 4 жашар балдар болгон.

Жерине келген куткаруучулар тобу 4-кабаттан 3-кабатка терезе аркылуу кирип эшикти ачып, балдарды ата-энесине өткөрүп беришти. Балдар медициналык жардамга муктаж эмес.

Количество просмотров: 242