• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жаңы Ак үйдү курган компания акысына Бишкектен жер алат. Өз атасын өлтүргөн жаран камалды

16 Баш оона 2023 18:32 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ӨКМӨТТӨРҮНҮН ЖЫЙЫНЫ

Бүгүн, 16-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Жыйын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында болду. Анда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Өз сөзүндө Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан ар тараптуу кызматташууларын тереңдетүүгө бизнес чөйрөсү, эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталары, ишкерлер кеңеши, кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду сыяктуу бир катар тармактар маанилүү роль ойноорун белгиледи. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде оң тенденция байкалууда. Маселен, 2023-жылдын 5 айында соода жүгүртүүнүн көлөмү 13,3%га өсүп, ал 215,8 млн долларды түздү. Жакынкы келечекте эки тараптуу сооданы 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда.
Отурумдун соңунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынынын Протоколуна кол коюлду.

КЕМПИР-АБАД ИШИ: КАМАКТАГЫЛАРДЫН КАЙРЫЛУУСУ

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жеңиш Молдокматов материалдар менен тааныша албай жатканын айтып, кайрылуу жолдошту. Алардын айтымында, прокуратура кызматкерлери “жашыруун сырды” негиз кылып иштин материалдарын толук бербей жатат. “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 253-беренесине ылайык, тергөө аяктагандан кийин бардык материалдар менен, анын ичинде жашыруун сырды түзгөн материалдар менен дагы айыпталуучуну толук тааныштырат. Бул учурда «жашыруун сырды камтыйт» деген материалдардан көчүрмө алууга жана жазып алууга укуктуубуз. Тилекке каршы, бул иш боюнча бизге сыр болгон жана болбогон дагы материалдардын көчүрмөлөрүн алууга тыюу салышты. Ал эми жашыруун деген документтерди конверттерге салып, аларды жада калса, ачтырбай жатат. Жыйынтыгында биз иш менен толук таанышкан жокпуз”, — деп айтылат кайрылууда.

ЖАҢЫ «АК ҮЙДҮ» КУРУП ЖАТКАН КОМПАНИЯГА ЖЕР БЕРИЛЕТ

Бишкектин түштүк тарабында, мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасы жайгашкан жерге жаңы «Ак үйдүн» имаратын салып жаткан компанияга 25,7 га жер берилет. Тиешелүү токтомго 4-августта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Токтомго ылайык, президенттин администрациясы үчүн жаңы имарат куруп жаткан «Иншаат строй Билдинг» компаниясына А.Масалиев көчөсү 22 дарегиндеги 18,18 га, А.Токтоналиев 165 дарегиндеги 4,88 га жана А.Токомбаев 1/9 дарегиндеги 2,71 га жер берилет. Президенттин иш башкармалыгына аталган жерлердин базар баасын аныктоо тапшырылган. Анын жыйынтыгы менен, эгер, бериле турган жерлердин баасы курулуш иштеринен кымбат болсо, компания ортодогу айырманы кайтарып бериши керек болот. Эгер курулуш иштеринин баасы бериле турган жерлерден кымбат болсо, компанияга ортодогу айырма төлөнөт.

ӨЗ АТАСЫН ӨЛТҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Ошто атасын өлтүргөн деген шек менен 41 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Маалыматка караганда, окуя 14-августта Амир-Темир кичи районунда болгон. 68 жаштагы тургунду уулу өз үйүндө бычак менен көкүрөгүнө жана колдоруна сайып, ал ошол жерден көз жумган. Милиция ата-бала чырдаша кеткенин, шектүү адам документтерин алып, таксиге отуруп, окуя болгон жерден кетүүгө аракеттенип жаткан учурда кармалганын билдирди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде иш козгоп, шектүү киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ИМАМГА ИШ КОЗГОЛДУ

Жашы жете элек кызга нике кыйгандыгы үчүн айылдын имамына иш козголду.
Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы жашы жете элек кыз менен 1995-жылы туулган жаранга нике кыйгандыгы үчүн Чүй ОИИБ кызматкерлери тарабынан кармалды.
Тергөө учурунда жаран 1960-жылы туулган жаран кылмыш ишине шектүү катарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүнкү күндө ага карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 140