• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жаңы дайындалган өкмөт башчыга каршы митинг өттү. Кыргызстанда шекер менен май запасы аз калды

3 Бирдин айы 2021 19:11 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ ӨКМӨТ ДЕПУТАТТАРДЫН СЫНЫНАН ӨТТҮ  

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн, 3-февралда премьер-министрлик кызматка талапкер Улукбек Марипов сунуш кылганөкмөттүн программасы, түзүмү жана курамын карады.

Жыйындын башында сөз сүйлөгөн Марипов өз сөзүндө өкмөттүн курамындагы министрликтер менен мекемелер 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айтты.

МАРИПОВГО КАРШЫ МИТИНГ

Ак үйдүн алдында парламенттин депутаттарына жана премьер-министрликке талапкерлиги көрсөтүлгөн Улукбек Мариповго каршы акция өттү. Нааразычылык акциясыначыккандар октябрь окуяларынан кийин коомчулук люстрацияны талап кылганын айтышты.

УЛУКБЕК МАРИПОВ КИМ?

42 жаштагы Марипов Оштун Ноокат районунда туулган. Ош мамлекеттик жана Ош технологиялык университеттерин аяктап, экономист жана юрист деген кесиптерге ээ болгон.

Эмгек жолун Финансы министрлигинде жөнөкөй адистиктен баштаган Марипов эки жылдан кийин бажы жана салык тармагынын башын кошкон Кирешелер боюнча комитеттин ошол маалдагы төрагасы Шадиевдин жардамчысы болгон.

ТОКТОГАЗИЕВ КЫЗМАТТАН КЕТКЕНИ ТУУРАЛУУ

Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бүгүн, 3-февралдагы басма сөз жыйынында тармактагы маселелердин чоо-жайын жана өкмөттүн сунушталып жаткан жаңы курамына өзүнүн кирбей калышынын себептери тууралуу суроолорго жооп берди.

АТАМБАЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫНЫН МИТИНГИ

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты. Акцияга чыккандар “биз Алмазбек Атамбаев үчүн”, “өлкөнүн артка кетишине Сооронбай Жээнбеков күнөөлүү” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турганын көрүүгө болот

КОРОНАВИРУС КҮЧӨДҮ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Бишкекте дагы бир бейтаптын өмүрүн кыйды. Саламаттык сактоо министрлигинин 3-февралдагы маалыматына караганда, бир күндө вирус 116 кишиден жаңы аныкталды. Бул көрсөткүч акыркы күндөргө салыштырмалуу көп.

Количество просмотров: 240