• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров ачууланды. Депутаттар сот, прокурорлордун ишин текшермей болду

14 Кулжа 2023 18:59 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АЧУУЛАНДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу аземинде кыргызстандыктарды өлкөнүн жаратылышын сактоого жана тартипке чакырды.

Ысык-Көлдүн экологиясы тууралуу айтып жатып, мамлекет башчысы быйыл өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көлдү 4 ай ичинде 96 миң метрге жакын браконьердик торлордон жана 6 тоннага жакын таштандыдан тазалаганын баса белгиледи.

Жапаров кыргызстандыктарды жалпы эле жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырып, туристтерге жакшы шарт түзүү керектигин айтты. Анын айтымында, былтыр Кыргызстанга 4 миллион турист келсе, быйыл 10 миллионго жетет деп күтүлүүдө.

СОТТОРДУН ИШИН ТЕКШЕРГЕН КОМИССИЯ ТҮЗҮЛДҮ

Кыргызстанда мыйзамсыз соттолгондор, жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун, прокурорлордун жана тиешелүү органдардын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

“Мекенчил” депутаттык тобу демилгелеген комиссия курамына депутаттар Фархат Исмаилов, Жусупбек Коргонбай уулу, Султанбай Айжигитов, Арсланбек Малиев, Бакыт Тентишев, Марат Мураталиев, Эмил Токтошев жана Нилуфар Алимжанова кирди.

13-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында быйыл жарым жылда абакта жаткан 218 адамга ырайым берилгени белгилүү болгон. Былтыр бир жыл ичинде 381 киши ырайым алган.

Буга чейин Кыргызстандын колонияларында 6-7 миңдей адам бар экени, алардын эки жүздөйү аялдар, он чактысы өспүрүмдөр экени айтылган.

АКЫЙКАТЧЫНЫН ОРУН БАСАРЛАРЫ ШАЙЛАНДЫ

Айчүрөк Назаралиева жана Шухрат Айтиев Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары болуп шайланышты. Экөөнүн тең талапкерлигин бир добуштан колдоо таап, бугүнкү парламент жыйынында ант берип кызматка киришти.

48 жаштагы Айчүрөк Назаралиева 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетинин укук таануу адистигин бүтүргөн.

39 жаштагы Шухрат Айтиев 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинин психология адистигин, 2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.

Парламент ушул эле күнү омбудсмендин орун басары Альберт Колоповду кызматтан алды.

Жогорку Кеңеш 17-майда Жамиля Жаманбаеваны акыйкатчы кылып шайлаган. Анын талапкерлигин “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы көрсөткөн.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майда бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар парламенттин чечимин сындаган. 

АЛИМБАЕВА КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкек шаардык сот Кемпир-Абад иши боюнча камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок.
Буга чейин Биринчи Май соту аны УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Эске салсак, Салкын Алимбаева өткөн айдын аягында коррупцияга айыпталып кармалган. Кемпир-Абад иши боюнча кармалган анын жолдошу Равшан Жээнбеков муну кысым жана куугунтук деп атаган.

Жактоочу Разак Ашимбаев Салкын Алимбаева Бишкек шаарындагы эки жер тилкенин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналып жатканын билдирип, коюлган айып менен макул эместигин айткан.

ЖАРАТЫЛЫШТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКны басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, тергөө иш-чараларын натыйжасында, туунду долбоорлорго негизсиз каржылык көрсөтүп жана айрым компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга каражат бөлүп туруучу коррупциялык схеманын негизги уюштуруучусу фонддун директору экени такталды.

Белгилей кетсек, “Жаратылышты өнүктүрүү фонду”  – айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты коргоо менен байланышкан социалдык, кайрымдуулук, маданий-агартуу жана башка коомдук пайдалуу коммерциялык эмес максаттарды көздөгөн, мамлекеттик эмес каражаттардын эсебинен түзүлгөн юридикалык жак. 2021-жылдан азыркы убакытка чейинки мезгилде курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлоруна “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын каражаттарынан жыл сайын 3 млн 700 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнүп турган. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын.

“Фонддун директору 2021-жылдан бери Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, фонддун каражаттарынан мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында жаратылышты коргоо долбоорлоруна деп ар кандай уюмдарга 400 миллион сомдон ашык каражат чегерген, бирок иш жүзүндө ал акчалар жеке бизнести уюштурууга пайдаланылган. Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги Фонддун каражаттарынын чыгымдалышына тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылган эмес.

Учурда Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директору, башкы адиси жана фирмалардын биринин жетекчиси кармалып,  УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды. – деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 245