• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров Базар-Коргонду шаар кылды. Орусияга каттамдар көбөйдү

8 Бирдин айы 2021 17:58 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МЕНЕН МАРИПОВ ЖОЛУКТУ

Өлкөнү өнүктүрүүнүн кризистен кийинки программасын даярдоо процессин тез арада жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу 8-февралда өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирди. Жолугушууда Жапаров азыр Кыргызстандын экономикасы өтө оор абалда турганын, ишкерлерге эркиндик берип, жеке секторду жана инвесторлорду коргоо, колдоо керектигин, алардын жергиликтүү бийликке ишенимин жогорулатуу, бюрократияны болушунча азайтуу зарылдыгын айтты жана коронавируска каршы бөлүнүп жаткан каражат туура бөлүштүрүлүшү керек экенин белгиледи.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 8-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан беш адам каза тапты. 42 кишиге вирус жукканы маалым болду. Ушуну менен инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 113 адамга жетти. Андан айыгып чыккандардын саны — 81 714. Стационарда 459 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 118 адам оор абалда, 31 киши өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 572 бейтап бар.

1-МАРТА МЕКТЕПТЕР АЧЫЛАТ

Бишкекте 1-марттан баштап бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат, бирок коронавирус жуктургандардын жаңы учуру ушул динамикада сакталганда гана. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди. Ошондой эле ал, 2021-жылы муниципалдык казынанын эсебинен 2 бала бакча жана 1 оорукана куруларын кошумчалады.

ОРУСИЯГА КАТТАМДАР КӨБӨЙӨТ

Эл аралык «Манас» аэропорту эртең, 9-февралдан тартып Россияга түз учкан туруктуу каттамдардын саны көбөйө тургандыгын билдирди. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түз учкан туруктуу каттамдардын жыштыгын жумасына 6 каттамга чейин көбөйтүү чечими Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан кабыл алынды. Россия Федерациясынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары коронавируска карата терс ПЧР (ПЦР) анализин алышы керек, Россия Федерациясына келгенге чейин 3 күндөн (72 саат) эрте эмес.

ТЕРГӨӨЧҮ КАРМАЛДЫ

Москва РИИБдин улук тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды, деп билдирди бүгүн, 8-февралда УКМКнын басма сөз кызматы. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Жазык кодексинин 326-беренеси (акча талап кылуу) менен жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында шектүүнү колго түшүргөн. Шектүү — РИИБдин өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Ж.Э.А. акча алып жатканда кармалды. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда пара катары алган акчанын бир бөлүгү табылган. Шектүү камакка алынып, тергөө уланып жатат.

МЭРИЯНЫН АЛДЫНДА КАЙРАДАН МИТИНГ

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургундары бүгүн, 8-февралда Бишкек шаардык мэриясынын алдына митингге чыгышты. Алар шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин Көк-Жар айылындагы айдоо жерлерин мыйзамсыз басып алуу тууралуу айткандарына каршы чыгып жатышат.

КЫРГЫЗСТАНДА ДАГЫ БИР ШААР ПАЙДА БОЛОТ

Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кошумчалай кетсек, Базар-Коргондун борборун шаарга айлантуу боюнча маселе буга чейин Жогорку Кеңеште талкууланган. Жаңы түзүлгөн шаарда жалпысынан 58 842 киши жашайт.

Количество просмотров: 896