• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров Кытайга барат. Бишкектин мурдагы вице-мэри кармалды

23 Жалган куран 2023 18:30 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ КЫТАЙГА БАРАТ

Үстүбүздөгү жылдын май айында президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров Кытай — Борбор Азия механизминин биринчи саммитине катышат.

“Азыр эки тарап тең иш-чарага активдүү даярданып жатышат. Биз бул иш-чара чоң ийгиликтер менен аяктап, эки мамлекеттин мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенебиз. Биз Кытай менен Кыргызстандын бирдиктүү тагдырынын коомчулугун курууда жаңы кадам жасайбыз”, — деп билдирди Ду Дэвэнь.

ӨЗГӨНДӨ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Жер көчкүдөн улам Өзгөн районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, тургундар коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-мартта саат 05:00 чамасында Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкөн. Жер көчкү аталган тилкеде жайгашкан 18 турак үйгө коркунуч пайда кылган. Жерине 24 куткаруучу жана техникалар, 18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына туугандарыныкына көчүрүлгөн.

ӨКМден белгилешкендей, акимдин буйругунун негизинде Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жеринде абалды өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов көзөмөлгө алууда.

Белгилей кетсек, аталган аймакта жер 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында аталган аймак ӨКМ тарабынан жашоого кооптуу деп табылып, 18 турак үйдүн жашоочуларына башка жакка көчүү сунушталган.

ТАЛКУУ ЖАРАТКАН ЖМК МЫЙЗАМЫ

Президенттик администрация «ЖМК жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун төртүнчү вариантын иштеп чыкты. Деген бир нече айдан бери иштеп жаткан жумушчу топтун негизги сунуштары эске алынган эмес. Талаштуу мыйзам долбооруна журналисттер, юристтер тынчсыздануусун билдиришкенден кийин кыргыз бийлиги айрым беренелерин кайрадан иштеп чыгууга макул болгон. Бирок Кыргызстандын медиа аракеттер платформасынын төрайымы Тамара Валиева сөз эркиндигине коркунуч жарата турган нормалар өзгөртүүсүз калганын айтат.

ЭГЕМЕН ЭЛ ЭЭРЧИМЕ БОЛБОШУ КЕРЕК. НАРК САКТАЛСЫН

Эгемен эл ээрчиме болбошу керек. Нарк сакталсын

Бүгүн, 23-мартта «Демократия, маданият, тарых, диндер, каада-салттар, стандарттар» деген темада жыйын өттү. Иш-чаранын негизги максаты ааламдашуу заманында улуттук баалуулуктарды баалап, идеологияны сактап калуунун маанилүүлүгү болду. Учурда биздин адатка каршы келген батыштын бир жыныстагылардын баш кошуусу, ошондой эле жынысын алмаштыруу өңдүү жат көрүнүштөрүн биздин жашоого да киргизүү аракети көрүлгөн чакта, буга кантип каршы туруу керектиги айтылды.

“ТАЗАЛЫКТЫН” МУРУНКУ ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

Бишкектин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси  Рыспек Сарпашов  кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Такталгандай, ал 2017-2018-жылдары «Тазалык» ишканасынын директору болуп турган кезде ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала келишип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында соттук-эсептик экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени аныкталган.

Учурда шектүү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Рыспек Сарпашов 2010-2012-жылдары, кайрадан 2014-2018-жылдары жектептесе,  2018-жылдын августунан 2019-жылдын октябрь айына чейин Бишкектин вице-мэри болгон. Андан соң, тагыраагы 2019-2021-жылы кайрадан «Тазалык» ишканасынын жетектеген.

Количество просмотров: 347