• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров министрлерди чогултту. Экс-депутат ӨКМдин тик учагы менен тойго бардыбы?

17 Тогуздун айы 2022 18:39 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ МИНИСТРЛЕРДИ ЧОГУЛТТУ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана анын мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле тармактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өлкөнүн 2022-2023-жылдагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыгы, анын ичинде калкка жана мекемелерге көмүр жеткирүү жана аларды көмүр менен камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйында алгач Энергетика министри Таалайбек Ибраев күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Ал эми президент Садыр Жапаров жылытуу мезгилинде өлкө калкы үчүн көмүрдүн баасынын ашыкча өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ошону менен катар, көмүрдү темир жол транспорту менен ташуу үчүн жеңилдетилген тарифти колдонуу тапшырылды. Ошондой эле, алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетикалык объектилерди реконструкциялоо жана куруу иштерин тыкыр көзөмөлгө алууну камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

АЙДАРБЕКОВ КОМИТЕТ ТӨРАГАЛЫГЫНАН КЕТЕБИ?

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков аны жетекчиликтен алуу аракеттери көрүлүп жатканы тууралуу маалыматты четке каккан жок. 17-октябрда парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал комитеттин кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чечимине кол койбогондуктан, мындан ары эмне кылыш керек деген суроо турганын, анын ичинде өзү боюнча да маселе талкууланып жатканын айтты. Комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Чыңгыз Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын 15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу өткөн курултайжа Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров айткан. Белгилей кетсек, 10-октябрда аталган комитет кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон. Чыңгыз Айдарбеков өзү келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин айтып, чечимин тиешелүү документтерди көрбөгөнү менен түшүндүргөн.

ЖМК ТУУРАЛУУ ЖАҢЫ МЫЙЗАМ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ

Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сунушталып, коомдук талкууга коюлду. Бул документти президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы иштеп чыккан. Медиа эксперттер аталган долбоор Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектей турганын айтып чыгышты. Бул арада Factcheck.kg сайты президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамы дээрлик толугу менен Орусиянын ушундай эле мыйзамынын көчүрмөсү экенин жазды.

ӨКМ ТИК УЧАК ИЖАРАГА БЕРЕТ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып колдонууга болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министр Бообек Ажикеев билдирди.
Анын айтымында, тик учак менен жарандарды куткаруу жумуштары ӨКМдин эсебинен акысыз жүргүзүлөт. Маалымат жыйында министр коомчулдукта айтылып жаткан кептерге жооп берип коюуну чечкенин белгиледи. Ажикеев өз сөзүндө кечээки айтылып жзаткан сөздөр боюнча биз 800 миң сомдук кызмат көрсөттүк деген пикирин айтты. Белгилей кетсек, буга чейин Фейсбук колдонуучуларынын арасында, ӨКМге келген вертолёт жеке кызматтарга колдонулуп жатканы туура эмес деген билдирүүлөр чыгып, талкуу жаралган. Соцтармакта тараган маалыматка караганда, бул тик учак менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаев Чаткалга кайын атасынын тоюна барган. Эске салсак, президент Садыр Жапаров 13-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техниканы тапшырган. Алардын арасында Airbus H-125 тик учагы дагы берилген. Президенттин маалыматына караганда, бул техниканы алуу үчүн республикалык бюджетттен 384 миллион сом бөлүнгөн. Өлкөдө буга чейин өзгөчө кырдаалдарда атайын техникалар жетишпестиги курч маселе катары көтөрүлүп келген.

БАТКЕНДЕ КЕНЕМТЕ ТӨЛӨНӨТ

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам үйлөрү талкаланган баткендиктерге бир жолку кенемте төлөнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-октябрга карата Баткенге жардам берүү үчүн ачылган бирдиктүү эсепке 327 млн 432 миң 141 сом түштү. Анын ичинен 62 млн 650 миң сом сарпталды, учурда эсепте 269 млн 680 миң 334 сом калды. Баткенде 246 жаран компенсация алды. Кошумчалай кетсек, тажик тараптын кол салуусунан, жалпы 661 турак үй жараксыз деп табылган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй ондоп түзөөгө муктаж. 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай жабыркаган. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

ПЕНСИЯ КАНЧАГА КӨТӨРҮЛДҮ?

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сомдон 3 170 сомго чейин жогорулап, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 8 080 сомду түздү. Бул жыл башындагы көрсөткүчтөн 33 пайызга же 1 988 сомго көп. Ошондой эле социалдык фонддун төрагасынын орун басары пенсия жарандардын стажына байланыштуу көбөйтүлгөнүн кошумчалады.

Количество просмотров: 537