• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаров Жаңы Баш мыйзамды коргоп баштады. Акча жок деген өкмөт шайлоого жарым миллион тапты

19 Жетинин айы 2020 17:51 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ БАШ МЫЙЗАМ ТАЛКУУДА

Парламенттин экс-спикери, депутат Канатбек Исаев Баш мыйзамдын жаңы жарыяланган долбоору жөнүндө комментарий берип, президенттик башкарууга каршы экенин билдирди. Исаев Баш мыйзамдын жаңы жарыяланган долбоорунда демилгечи катары көрсөтүлгөн айрым эл өкүлдөрү долбоор менен таанышпай элек кол коюшканын айтып берди. Баш мыйзамдын жаңы долбооруна бир нече саясатчылар, юристтер каршы пикирин айтып чыгышты. Бул арада президенттикке талапкер Садыр Жапаров коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоору тууралуу өз пикирин билдирди. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жазды. Анын айтымында, азыркы элдин талкуусуна коюлуп жаткан Конституция 2010-жылдагыдай кылып, бир кишинин же бир топтун пайдасына жазылып жаткан жери жок.


ШАЙЛОО ШТАБЫНЫН МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫ

Бүгүн өкмөт президенттик шайлоого байланыштуу жыйын өткөрдү. Жыйында вице-премьер-министр Максат Мамытканов шайлоо мүмкүн болушунча таза жана ачык-айкын өтүшү керектигин белгилеп, аны өткөрүүгө бюджеттен жарым миллион сом бөлүнгөнүн айтты. Мамытканов ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын тең төрагасы болуп бекитилгенин кошумчалады.

COVID БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 19-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1217 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 422 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында катталды. Оору жуккандардын жалпы саны 68 миң 316 кишиге жетти. Бир күндө 516 адам айыгып чыкты.

КИНОТЕАТРЛАР КАЧАН АЧЫЛАТ?

Кинотеатрларды жана соода борборлорунун ичиндеги коомдук тамактануучу жайларды ачуу маселеси азырынча чечиле элек.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлагандай, азыркы учурда бул маселе өкмөттүн кароосунда. Кинотеатрлар жана фудкорттор штабдын тийиштүү чечиминен кийин гана ачылат.

МУРДАГЫ ТЕАТР ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы директору Болотбек Осмонов кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыпталууда. Болотбек Осмонов пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтиргени кабарланды. Белгилей кетсек, бүгүн, 19-ноябрь күнү Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт.

Количество просмотров: 468