• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Жапаровдун эжеси акталды. Мариповдун ордуна Медет Садыркуловдун кызы келди

5 Бирдин айы 2021 19:06 Бишкек Govori.TV

COVID-19: АКЫРКЫ АБАЛ

Республикалык штаб 5-февралда Кыргызстанда коронавирус 88 кишиден аныкталганын маалымдады. Илдеттин эң көп учуру Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды. Акыркы суткада коронавирустан 130 бейтап айыкты — анын ичинде эки медкызматкер бар. Ошондой эле COVID-19дан Бишкек шаарында жана Баткен облусунда бирден киши көз жумду. Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 84 920га жетти. Алардын ичинен 81 440 бейтап айыгып, 1 420 киши көз жумду. Бүгүнкү күндө илдеттен 511 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 33 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 608 адам үй шартында дарыланууда.

МАРИПОВ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК КЕСИПТЕШТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Премьер-министр Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарында иш сапар менен жүрөт. Анын алкагында 5-февралда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы кызматташтыкты жана чек араны талкууга алышты. Чек араларды тактоо иштерин активдештирүү зарылдыгы айтылды. Өзбек премьери Улукбек Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктап, президент Садыр Жапаровду Ташкентке расмий чакыруу тууралуу кагазды тапшырды.

БАШКЫ ПРОКУРОР ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРДЫ

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда 2020-жылы аткарылган иштер тууралуу журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, былтыр Кыргызстанда жалпы 31 211 кылмыш катталды. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 25 пайызга аз. Ошол эле кезде өзгөчө оор кылмыштардын саны көбөйгөн. Мындан тышкары Зулушев ушул эле маалымат жыйында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча суроолорго жооп берди. Эгерде Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы уруксат берсе, Калиевага карата тергөө иштери улана турганын билдирди.

ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Айжан Садыркулова дайындалды. Ал аудиторлук мөөнөтү аяктаганга чейин мекеменин жетекчиси милдетин аткарат. Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Айжан Садыркулова Курманбек Бакиев президент болуп турганда Президенттик администрациянын башчысы болгон маркум Медет Садыркуловдун кызы. Ал 1979-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 2016-жылдан ушул убакка чейин – КР Эсептөө палатасында аудитор кызматты аркалап келген.

ОШ БАЗАРЫНДА СООДА КЫЛГАНДАР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

Бүгүн, 5-февралда Бишкектеги Ош базарынын тегерегинде соода кылгандар өкмөт үйүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар базардын айланасындагы соода-сатыкка тыюу салынышына нааразы митинг өттү. Алар соңку эки күн аралыгында көчөлөрдү ирээтке келтирүү максатында аракеттер башталып, соода орундарынан четтетилип калганына нааразы. Бул арада Бишкек шаардык мэриясында “Ош базарынын” айланасында жайгашкан мыйзамсыз соода-сатык жүргүзүү иштерине байланыштуу Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Количество просмотров: 2503