• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаровдун өкмөтү отставкага кетти. Депутат Арстан Алайды дарылатууну сунуштады

21 Үчтүн айы 2021 19:04 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 155 адамдан табылып, 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Ал эми бир сутка ичинде 136 адам коронавирустан айыгып чыккан. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы билдиргендей, акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

ӨКМӨТ ОТСТАВКАГА КЕТТИ

Президенттин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана премьер-министрдин ыйгарым укуктарын токтотуу» жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Президенттик аппараттын бүгүн, 21-январдагы маалыматы боюнча, мындай жарлык БШК мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялагандан кийин чыгарылган. Бул жарлык менен С.Н. Жапаровдун премьер-министрлик ыйгарым укуктары токтотулуп, премьер-министрлик кызматтан бошотулат.

ДОБУШ БЕРҮҮНҮН РАСМИЙ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Референдумда добуш бергендердин 81% президенттик башкарууну тандады. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкөдө референдум өттү деп таанылды.

ПРЕЗИДЕНТТИН ИНАУГУРАЦИЯСЫНА ДАЯРДЫКТАР

Президенттик аппараттын басма сөз  кызматы Бишкектин «Манас» көчөсү шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына камынууга байланыштуу жабылганын билдирди. Бүгүн, 21-январда түштөн кийин «Манас» проспектисинин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү жарым сааттай жабылды. Бул шаардын борбордук автожолдорунда тыгындарды пайда кылып, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдүн нааразы пикирлерин жаратты.

ДЕПУТАТТАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

Жогорку Кеңештин ичинин баары таштанды, тазаланбайт. Мындай пикирин бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов билдирди. Ал эми депутат Самат Исманов президенттик шайлоодо ат салышкан Арстанбек Абдылдаевге чара көрүүнү сунуштады.  Анын айтымында, Абдылдаев “Мен Кудаймын!” деп элдин башын айлантып жатат. Белгилей кетсек, буга чейин парламентте депутат Ормонов дагы  Арстан Алайдын “Мен Кудаймын!” деп үгүт жүргүзүп жатканына карата чара көрүлүшү керектигин айтып чыккан.

 “ОШ ЭЛЕКТРДИН” МУРУНКУ БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

1 миллион сом опузалап пара талап кылууга шектелип «Ошэлектр» ААКтын мурдагы башкы директору Дыйканбай Даминов кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финансы полициясы) билдирет. Маалыматка ылайык, Финполго «Б» ЖАКтын директору «Ошэлектр» ишканасынын жетекчилигине карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган, ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттин жана бизнес өкүлдөрүнүн кызыкчылыгына каршы келип, аталган ААК аткарган иши үчүн пара түрүндө акча каражаттарын опузалап талап кылган. Бул факт Кылмыштардын жаран жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинде (опузалап пара алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.

Количество просмотров: 235