• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Күндүн ыргагы: Жапаровдун отставкасы боюнча кептерге президент чекит койду

1 Бирдин айы 202318:35 Бишкек Govori.TV

ӨЛКӨГӨ ДАГЫ АТАЙЫ ТЕХНИКАЛАР КЕЛЕТ

Кыргызстанга алдыда Россиядан гуманитардык жардам иретинде 40 даана өрт өчүрүүчү техника жана “Ми-8” тик учагы келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда Бишкекте атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземинде билдирди. Анын айтымында, тизилип турган 100 даана атайын өрт өчүрүүчү техникадан тышкары, буга чейин эки заманбап тик учак, 58 өрт өчүрүүчү унаа, 81 инженердик техника жана 34 бирдик ар кандай техникалар алынган.

Ошондой эле иш-чарада мамлекет башчысы бардык атайын техникаларды карап чыгып, жаңы автобустардын техникалык мүнөздөмөсу менен таанышты.

Белгилей кетсек, атайын техникалар КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына берилди. Мындан тышкары, Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине жаңы автобустардын ачкычтары тапшырылды.

ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИНИН ИШИ СЫНДАЛДЫ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин Администрациясынын коллегиясын өткөрдү. Кеңешмеде Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин жана финансы министри Алмаз Бакетаевдин баяндамалары угулду.

Министрлер Кабинетинин башчысы министрлердин отчетторун уккан соң Экономика жана коммерция министрлигинин аткаруучулук тартип боюнча ишин сынга алды.

«Эмне себептен аткаруу мөөнөттөрү бузулган каттардын саны көп болууда. Орун басарларыңыздар эмне иш кылууда, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткара алышпаса, алардын санын кыскартуу керек», — деди Акылбек Жапаров жана аткаруучулук тартипти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Андан соң 2022-жылга Антикризистик чаралар планынын аткарылышы боюнча баяндама угулду. Анда Антикризистик чаралар планынын пункттарынын бири катары жөлөкпулдарды көбөйтүү белгиленген, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чаралар каралган.

ЖАПАРОВ КЫЗМАТТАН КЕТЕБИ?

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетпей турганын билдирди.

Бул тууралуу ал 1-февралда “Кабар” маалымат агенттигине берген чакан маегинде айтты. Ал президент катары Акылбек Жапаровдун ар бир ишине көз салып жатканын, өкмөт туура эмес иштесе эскертип турарын кошумчалады.

 “Акылбек кетсин!” дегендер карапайым калктын арасында да бар. Ким эле салыктын түрлөрүн көбөйтөм деген кишини жакшы көрсүн. Бирок Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында “ал кетсе, ордуна мен бара калсам” деген топтор басымдуулук кылат. Ошолор блогерлерге, социалдык түйүндөргө жамандатып жаздыртып жатышат. Мен алардын кимдер экенин билем. Мурда кандай иштегендерин да билем. Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт”, — деди президент.

Эске салсак, Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети 2021-жылдын октябрь айында ишке киришкен. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда өкмөт башчынын отставкасын талап кылган чакырыктар көбөйдү. Айрым интернет колдонуучулар буга чейин да ушундай эле талаптарды жазып чыгышкан.

БААЛАРДЫН ӨСҮШҮ. ДЕПУТАТТАРДЫН ПИКИРИ

Улуттук статистика комитети тараткан айрым азык-түлүккө болгон баалар боюнча маалыматка ылайык азык-түлүк продукцияларынын баасы 2022-жылы кыйла жогорулаган.  Бул арада электр энергияга, таштанды ташууга, коомдук транспорттогу жол кире акыларынын көтөрүлөрү айтылып, бир катар талкуулардын жаралуусуна алып келген.

Ал эми Жогорку Кеңештин айрым депутаттары баалардын өсүүсү тууралуу комментарий беришип, кээ бирлери муну туура эле деп баалашса, айрымдары баалардын баарын бир учурда көтөрүү туура эмес деген пикирин айтышты.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда 2022-жылы азык-түлүк товарлары 17,1%, азык-түлүк эмес товарлар 12,7% кымбаттап, кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнүн тарифтери 9,1% өскөн. Алсак, 2022-жылы пияздын баасы кескин өзгөрүп жай айларында жыл башына салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көтөрүлгөн. Жыл соңунда кайрадан ылдыйлаган менен 2023-жылдын башында эле пияздын баасы кайрадан асман чапчып, өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 50 сомго көтөрүлгөн.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын эсеби боюнча, Кыргызстанда бир айлык жашоо минимуму 7178 сом деп белгиленген.

 “ЧЕТ ЭЛДИК АГЕНТ” МЫЙЗАМЫН КОЛДОО АКЦИЯСЫ

Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаарындагы Горький атындагы эс алуу багында «Чет элдик агенттер жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышын колдогон акция өтүп, өздөрүн активист деп атаган жарандар Кыргызстанда Орусиядагыдай «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам кабыл алууну талап кылышты. Акцияга келген мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу төмөндөгүлөрдү билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү катаалдаткан мыйзам долбоорун иштеп чыгып, документ коомдук талкууга коюлган.

Бул мыйзам долбоорлоруна байланыштуу бир катар жергиликтүү жана чет элдик журналисттер, эл аралык уюмдар, укук коргоочулар, эксперттер тынчсыздануусун билдиришкен.

2014-жылы депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев орусиянын «чет өлкөлүк агент» мыйзамынын көчүрмөсү болгон мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышкан. Документке ылайык, «саясий ишмердүүлүк менен алектенген» коммерциялык эмес уюмдар «чет өлкөлүк агент» алат. Бирок 2016-жылы алтынчы чакырылыштын депутаттары документи кабыл алышкан эмес.

Количество просмотров: 549