• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапаровдун шайлоодон утуп чыгышынан күмөн санагандар чыкты. Өзбекстан Кыргызстанга оорукана салып берет

17 Жетинин айы 2020 18:27 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун, дагы бирөө Чүй облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1207 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 486 адамдан табылды. Ал эми илдет жуктургандардын жалпы саны 67 миң 469.

МАМЫТОВ МЕНЕН НОВИКОВ ШАЙЛООНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 17-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен жолугушту. Алар социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулашты. Талант Мамытов президенттик шайлоону таза өткөрүү, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүү биринчи кезектеги маселелердин бири экенин айтты.

АРСТАН АЛАЙ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН БЕРДИ

Бүгүн, 17-ноябрда Президенттикке талапкер, “Арстан Алай” деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев маалымат жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө келерки президенттик шайлоодо негизги талапкер катары сыпааталып жаткан Садыр Жапаровдун утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу үн катты.

ПАКИСТАН 4 ОКУУ ЖАЙДЫ КАРА ТИЗМЕДЕН ЧЫГАРДЫ

Пакистан Кыргызстандагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын (КММА), Эл аралык жогорку медицина мектебин, Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетин жана Кыргыз-Россия Славян университетин кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Медициналык комиссиясынын сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, Пакистандын лицензия берүү боюнча комиссиясы аталган университеттер берген дипломдорду мындан ары тааныйт.

АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН ШЕКТҮҮ

Жалал-Абад облусунда ишкерден опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришкендей, Жалал-Абад милициясына 27 жаштагы ишкер өзүнүн укуктарын кол салгандардан коргоп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранып кайрылган.
Криминалдык чөйрөгө тиешеси бар 33 жаштагы жаран менен башка белгисиз адамдар опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

ЖОЛДОРГО 413 ТОННА ТУЗ СЕБИЛДИ

Күн сууктап, кар жаап жатканына байланыштуу кечээтен бери борбор калаанын жолдоруна 413 тонна техникалык туз себилди.
Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, карды тазалоо үчүн Жол-тейлөө бөлүмүнөн 38 техника жана 25 кызматкер тартылган. Мындан сырткары, 662 көчө шыпыргыч, «Тазалыктын» 118, «Жашыл чарба» ишканасынан 28 жана чакыруу менен барып тиричилик таштандыларын чыгарып кеткен 100 адамдан турган команда штаттык режимде иш алып барууда.

Количество просмотров: 1040