• Жума 22 Үчтүн айы 2021

Күндүн ыргагы: Жапаровго каршы талапкерлер бирикти. Балдарга эски таттууларды саткан кампа аныкталды

29 декабря 2020 в 18:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн кыйды. Бишкек шаарында үч, Ысык-Көл облусунда бир өлүм катталды. Бир күндө вирус дагы 119 кишиден жаңы аныкталды. Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1353 кишиге жетти. Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1200 бейтап стационарда, 1862 киши үй шартында дарыланууда.

ПРЕЗИДЕНТ БОЛОМ ДЕГЕН 4 ТАЛАПКЕР БИРИКТИ

Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев шайлоодо биригип, тандем түзүштү. Бул тууралуу Адахан Мадумаров бүгүн, 29-декабрда билдирди. Ошону менен катар бул меморандумда бийликтеги айрым адамдар Конституцияны тебелеп-тепсеп жатышканы, соттуулугу жоюла элек адам премьер-министр болуп, ал мыйзамсыз түрдө президенттин милдетин аткарганы, Жогорку Кеңеш да мыйзамсыз иштеп жатканы, шайлануу укугу жок адам президенттикке талапкер катары катталганы айтылды.

ТАРТИП КОМИССИЯСЫНА ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ

Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрагасы болуп Осмонкулов Маратбек Аскарович шайланды. Комиссиянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, аны курамга киргизүү сунушу «КР Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тарабынан сунушталган. Маалыматка караганда, 28-декабрдагы комиссиянын жыйынында Маратбек Осмонкулов ачык добуш берүүнүн натыйжасында төрага болуп бир добуштан шайланган. Кошумчалай кетсек, комиссия тогуз мүчөдөн турат. Үчөөнү президент, парламент жана Судьялар кеңеши көрсөтөт.

КАЛИЕВА КЫЛМЫШ ИШ ТУУРАЛУУ ТҮШУНДҮРМӨ БЕРДИ

Жогорку соттун төрайымына байланыштуу айтылып жаткан иш боюнча кармалган кызматкерге карата Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) басым көрсөтүлгөн. Бул тууралуу 29-декабрда “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди. Калиева атайын кызмат ага карата айтып жаткан айыптоону күбөлөргө басым жасоо менен алган болушу ыктымалдыгын белгиледи.

БЮДЖЕТТИН АТКАРЫЛЫШЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Бүгүн, 29-декабрда өкмөт үйүндө өткөн брифингде финансы министри Кыялбек Мукашев 2020-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу айтып берди. Министр ошондой эле пандемия ички жана тышкы каражаттын азаюусуна себеп болгонун белгилеп, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен мыйзам долбоорун карап бергенин кошумчалады.

МӨӨНӨТҮ ӨТКӨН ТАТТУУЛАРДЫ КАЙРА САТКАНДАР

Мөөнөтү өткөн таттууларды кайра сатыкка чыгарып, пайда коргөндөр аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Финансы полициясына сапатсыз жана мөөнөтү өтүп кеткен продукция сатылып жатканын айтып, адамдар кайрылган. Буга байланыштуу иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын алкагында Бишкек шаарындагы Садыгалиев көчөсүндө кампалардын биринен “ТТТ Компани” ЖЧКсына тиешелүү мөөнөтү өтүп кеткен ири көлөмдө кондитердик азыктар (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) табылган.

Количество просмотров: 284