• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Жапаровго тхэквондо боюнча ардактуу дан ыйгарылды. Бишкекте ата-бала сабалды

29 Жалган куран 2023 18:03 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВГО ДАН ЫЙГАРЫЛДЫ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго тхэквондо боюнча ардактуу тогузунчу дан ыйгарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бүткүл дүйнөлүк тхэквондо федерациясынын президенти Чунг Вон Чон менен болгон жолугушуусунда маалым болду. Чунг Вон Чон өз сөзүндө Бүткүл дүйнөлүк тхэквондо федерациясынын президиуму таэквондо (WTF) боюнча ардактуу 9-данды Садыр Жапаровго ыйгарууну чечкендигин, ал жакын арада ага ыйгарыла турганын билдирген.Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

ДЕПУТАТ ЖАПЫРТ КАМАЛГАНДАРДЫ БОШОТУУНУ СУРАНДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Орозо айында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды бошотууну суранды. Бул тууралуу ал 28-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды кечирип коюуңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп, мамлекетке кереги тийбесе да, үйдө жакындарына көбүрөөк керек», — деди депутат.
Былтыр октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган. Ошондой эле милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптаган.

ДЕКАН ДИПЛОМ ЖАСАЛМАЛООГО ШЕКТЕЛҮҮДӨ

ЖАМУнун факультетинин деканы чет элдиктер үчүн жасалма дипломдорду жасаган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (“Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку билим тууралуу жасалма дипломдорду даярдаган каналдын бети ачылды. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, шектүү 2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы кызматын аркалап турган убагында 12 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлык үчүн, Ирактын эки жаранына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу жасалма диплом жасап бергени аныкталды.

МУРДАГЫ АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫ КАРМАЛДЫ

Жалал-Абаддын Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. УКМКнын маалыматы боюнча, аталган айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз бөлгөн. Ошондой эле жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды жасап беришкен. Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз берүүгө негиз болгон документалдык маалыматтарды аныктоо жана табуу максатында мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалып, үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө кылмыш ишине тиешеси бар көп сандагы токтомдор, корутундулар, топографиялык жана башка жасалма документтер табылып алынды. Аталган даректе ок атуучу куралдар, травматикалык куралдар жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталганы аныкталды.

БИШКЕКТЕ АТА-БАЛА САБАЛДЫ

Бишкекте топ балдар ата-баланы сабап кетишти. Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, окуя 17-мартта болгон. Саат 13:30да райондук милициянын нөмөт бөлүмүнө «Дордой» конушунда топ балдар эки адамды сабаганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, ур-токмокко кабылгандар 48 жаштагы А.Н. жана анын 2006-жылы туулган Р.А. аттуу уулу экени аныкталган. Учурда бул факты каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүүдө. Мушташка катышкандар аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Ошондой эле, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

ӨЗГӨНДӨГҮ ЖЕР КӨЧКҮ
Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкөн. Жер көчкү аталган тилкеде жайгашкан 18 турак үйгө коркунуч жараткан. Өзгөндө өзгөчө кырдаал жарыяланып, тургундар Чатырларда баш калкалоодо. Аталган аймакта жер 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында аталган аймак ӨКМ тарабынан жашоого кооптуу деп табылып, 18 турак үйдүн жашоочуларына башка жакка көчүү сунушталган.

Количество просмотров: 509