• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапыкеевдин чакырыктары боюнча иш козголду. Бир учак толо кош бойлуу аялдар келди…

26 Бугу 2020 18:29 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
26-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 35 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Өлкөдө акыркы сутка ичинде 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Үсөнбаевдин айтымында, Бишкек шаарында 4, Нарын облусунда 3 медкызматкердин анализинен коронавирус табылды. Ал эми учурда ооруканада жаткандардын сегизинин абалы оор деп бааланууда.

ЧЕТ ЖАКТАГЫ КЫРГЫЗДАР МЕКЕНИНЕ КЕЛДИ

Бүгүн, 26-майда Россиянын Москва шаарынан Бишкек шаарына Кыргызстандын 372 жараны учуп чыкты. Алардын арасында 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү кош бойлуу 319 аял бар. Ал эми 53 аял 2 жашка чейинки балдары менен жолго чыккан. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, дарыгерлердин көрсөтмөсү менен 33 кош бойлуу аялга жолго чыгууга уруксат берилген жок. Бул төрөткө аз калганы менен байланыштуу. Ошондой эле учууга даярданып жаткан айымдардын ичинен экөө 1-2 күн мурун көз жарган.

ЖАПАРОВА ПОЛЬШАДАН КАРМАЛДЫ

Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта “Райкүл Жапаровага карата Бишкектин Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунда сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Жазык кодексинин “Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу”, “Алдамчылык” жана “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган”,-деп айтылат маалыматта. Жапарова учурда абакта жаткан Садыр Жапаровдун бир тууганы.

ЖАПЫКЕЕВДИН БИЛДИРҮҮЛӨРҮ ТЕКШЕРИЛИП БҮТТҮ

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган арызы боюнча экспертизанын корутундусу даяр болду. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактардагы баракчасындагы билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына дайындалган. Соттук-эксперттик кызматы чыгарган лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрүндө массалык акцияларга, жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакыруу, тактап айтканда Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмүндө (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар экендиги аныкталган.


АДАМ ӨМҮРҮН АЛГАН ЖОЛ КЫРСЫГЫ

Бишкектин Матросов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Кырсык бүгүн, 26-майда эртең менен болгон. Анда “Мерседес-Бенц”, “Тойота Ипсум” унаалары жана Мотоцикл кагышып, мотоцклдин айдоочусу окуя болгон жерден көз жумган.


БИШКЕКТЕ КАЙРАДАН ЖОЛ ТЫГЫН

Бишкек шаарында жолдорду оңдоп-түзөө иштери жанданып, кайрадан автотыгын пайда болду. Бул тууралуу жарандык активист Аманбол Бабакулов фейсбук баракчасына жарыялады. Маалыматка ылайык, Абдрахманов менен Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жол тыгыны жаралган. Жарандык активист жолдорду оңдоо, калыбына келтирүү иштерин карантин учурунда жүргүзүш керек болчу деген пикирин айтып, шаардын мэрине кайрылуу жасады.

КОРОНАВИРУС: ОКУУ ЖЫЛЫН АЯКТОО

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында
билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация кандай өткөрүлө тургандыгын айтып берди.
Анын айтымында, 2-13-июнга чейин мектептерде мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация болуп өтөт. Ал эми жогорку окуу жайлары абитуриенттерди 20-июлдан тарта кабыл алып баштайт. Кошумчалай кетсек, быйыл акыркы коңгуроо 30-майда онлайн форматта өтөт. Республика боюнча 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер. 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын окуучуну түзөт.

Количество просмотров: 186