• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапырт камалгандардын ишин депутаттык комиссия иликтейт. Мамлекеттик сыйлыкты кимдер алды?

29 Бештин айы 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Президент Садыр Жапаров бир катар коомдук ишмерлерге, маданият, билим берүү тармагынын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлык тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 29-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык,
II даражадагы “Манас” ордени менен режиссер, сценарист Геннадий Базаров, Владимир Плоских, III даражадагы “Манас” ордени менен Жолдошбек Алышүкүров, Арзыбек Бедияров, Балтахун Нурунбетов сыйланды. “Курманжан Датка” ордени Кайыргүл Сартбаевага, «Данакер» ордени Назирбек Бөрүбаевге, Роза Жумаевага, Гүлсара Өмүралиевага, Чолпон Султанбековага жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине берилди. Жана ошондой эле  “Кыргыз Республикасынын эл акыны”, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамдары менен бир катар маданият өкүлдөрү сыйланды. Мындан сырткары Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен бир катар мамлекеттик кызматкерлерге да сыйлык тапшырган. «Даңк» медалын алгандардын арасында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева жана Надира Нарматовага “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам берилди.

“КЕМПИР АБАД” ИШИ: ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯ ТҮЗҮЛДҮ

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Айбек Бузурманкуловду жана журналист Айданбек Акматовду үй камагына чыгаруу боюнча апелляциялык арызды канааттандырган жок. Буга чейин Биринчи Май райондук соту ушул иш боюнча кармалган 25 кишини 20-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы шаардык сотто 26-декабрдан тартып каралып, бардыгы камакта калтырылды. Ал эми бүгүн, 29-декабрдагы Жогорку Кеңешинин жыйынында КРнын Конституциясынын, конституциялык мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин кепилдиктери одоно түрдө бузулушу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды. Аталган сунушту “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы демилгелеген. Комиссиянын курамына Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Чыңгыз Ажибаев (“Элдик”), Айбек Осмонов (“Мекенчил”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Шайлообек Атазов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Жылдыз Таалайбек кызы (“Ишеним”), Чыңгыз Айдарбеков (“Альянс”) кирди. Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алардын экөө Талант Эшалиев жана Нурланбек Асанбеков үй камагына чыгарылган. Абактагылардын 17си нааразылык иретинде 13-декабрдан бери ачкачылык кармаган. Бүгүнкү күнгө карата 16сы ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткону маалымдалды

ЖООКЕРДИН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяда каза болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлигинин лейтенанты Дастан Анарбековду “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Мамлекет башчысы мекен үчүн баатырларча курман болгон Дастан Анарбековдун үй-бүлөсүнө, ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Эске салсак, “Достук” чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон. Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган.

“КЕРЕМЕТ БАНК” ИШИНДЕ КАРМАЛГАНДАР КАМАКТА КАЛДЫ

“Керемет Банкка” байланыштуу иликтенип жаткан кылмыш иши алкагында кармалгандардын баары эки айга камакка алынды. Алардын бөгөт чарасы соңку бир нече күндө каралып, Бишкектин тергөө абагына жөнөтүлгөнүн бүгүн 29-декабрда шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана ушул эле мекеменин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары кармалганын, ишти Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тергеп жатканын 23-декабрда башкы көзөмөл органынан кабарлашкан.

Алардан тышкары “Керемет Банктын” төрагасынын орун басары, буга чейин коопсуздук системасында бир нече жыл иштеп келген Максат Дадыбаев Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына камакка алынганын 22-декабрда шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктаган.

АКТИВИСТ ПИКЕТКЕ ЧЫКТЫ

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкек мэриясынын алдына пикетке чыкты. Ал «Салют атылбасын!», «Аба тазалансын!» деген жазуусу бар плакаттарды кармап, төмөндөгүлөрдү билдирди. Бишкек мэриясы быйыл Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамдар түстүү фейерверктерди атуу менен аяктай турганын билдирген. Ага шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган. “МувГрин” экологиялык кыймылынын мүчөлөрү Бишкек мэриясына кайрылып, жаңы жылдык фейерверктен баш тартууга чакырышууда. Соңку эки жылдан бери жаңы жыл майрамында салют атылган эмес. 2021-жылы мэрия экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу жаңы жылдык салюттан баш тарткан.

Количество просмотров: 655