• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жарандык коом бийликке коңгуроо какты. Жапаров 230 адамды абактан чыгарды

20 Жетинин айы 2020 17:50 Бишкек Govori.TV

ЖАРАНДЫК КООМ УЗУРПАЦИЯГА КАРШЫ

Бүгүн Баш мыйзамдын жаңы долбооруна байланыштуу «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» аталышындагы жарандык коомдун жыйыны өттү. Анда экс-президент Роза Отунбаева Баш мыйзамдын жаңы сунушталып жаткан долбоору боюнча пикирин билдирди.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ТҮЗҮЛДҮ

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ал эми түзүлгөн кеңешменин алгачкы жыйыны өтүп, анын төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев дайындалды. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков жана Улуттук илимдер академиясынын

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 20-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен алты киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын төрт, Нарын облусунун бир жана Ош облусунун бир тургуну болчу.

КЫЙНОО ФАКТЫСЫ БОЮНЧА 6 МИЛИЦИОНЕР КАРМАЛДЫ

Ош облустук ички иштер башкармалыгында катталган адам өлүмүнө байланыштуу Жазык кодексинин «Кыйноо» деген 143-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. 26 жаштагы адамдын өлүмүнө шектүү катары 19-ноябрда облустук милициянын алты кызматкери кармалды. Алар атайын кызматтын Оштогу тергөө абагына отургузулду .

230 АДАМ ЫРАЙЫМ АЛДЫ

Кыргызстанда абакта отурган 230 адам мунапыс боюнча бошонуп чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 230 адамды абактан бошотуу жана 38 адамдын жаза мөөнөтүн кыскартуу тууралуу жарлыкка премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда кол койгон.

Количество просмотров: 735