• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жарылууда 13 жаштагы өспүрүм ажал тапты. Муфтийдин коррупцияга шектелиши резонанс жаратты

11 Бирдин айы 2021 18:22 Бишкек Govori.TV

COVID-19: АКЫРКЫ АБАЛ

Республикалык штаб 11-февралда Кыргызстанда коронавирустун 75 жаңы учуру катталганын маалымдады. Акыркы суткада коронавирустан 83 бейтап айыкты — алардын ичинде эки медик бар. Ошондой эле COVID-19дан Ош облусунда бир киши көз жумду. Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 85 328ге жетти.

КАНЧА ОКУУЧУ ВИРУС ЖУГУЗГАН?

Быйылкы окуу жылы башталгандан бери окуучулар арасында кононавирус жуктуруп алгандар эң көп ноябрь айында катталган. Бул маалда өлкө боюнча 320 окуучу вируска чалдыкканын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.


МУФТИЙДИН КАРМАЛЫШЫ РЕЗОНАНС ЖАРАТТЫ

Экс-муфтий Максат ажы Токтомушевдин кармалганы тууралуу маалымат көпчүлүктү эки жээкке бөлдү. Айрымдар бул көрүнүштү саясий өңүткө бурса, айрымдар эми кимге ишенсе болот деген собол салышууда. Кененирээк алдыдагы материалда…

МУРДАГЫ МУФТИЙДИН ТАРАПТАШТАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Бүгүн, 11-февралда УКМКнын имаратынын алдына экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин тарапташтары чогулду. Алардын талабы эмне кененирээк алдыдагы материалда…

ЧҮЙДӨ ГАЗ ЖАРЫЛЫП, ӨСПҮРҮМ АЖАЛ ТАПТЫ

Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үйдө газ түтүгү жарылып, өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 11-февралда ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдө болгон. Кырсыктын кесепетинен 2007-ж.т. Д.Ж. эркек бала каза болуп, 2007 – ж.т. Ш.Х. аттуу эркек бала жабыркаган.

ШЫКМАМАТОВ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси болуп Алмамбет Шыкмаматов дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 11-февралда премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Аталган агенттик Кыргызстандын экспорт-импорттук потенциалын көзөмөлдөөнү, тышкы жана ички инвесторлор менен өкмөттүн байланышын өнүктүрүүнү, бажы жана административдик мыйзамдарды иштеп чыгуу менен катар Кыргызстандагы бизнес долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.

Количество просмотров: 1183