АКАЕВДИН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ЧУУ
2005-жылдагы «Жоогазын революциясынан» кийин Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келиши коомчулукта талкуу жаратууда. Илимдер Акамдемиясы менен Политехникалык университет Акаевдин лекциясы тууралуу кабарды четке какты. Ал эми билим берүү министри Каныбек Иманалиев үч окуу жайда белгиленген лекциялар болбой турганын айтты. Бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында көтөрүлүп, айрым депутаттар студенттердин нааразы кылып, лекцияга уруксат берген жетекчилерге чара көрүүнү талап кылышты. Бир күн мурун аталган окуу жайдын айрым студенттери Аскар Акаевдин лекциясына каршы болуп, ректоратка кайрылышкан. Алардын билдирүүсү Твиттерге жарыяланган. Саясат талдоочу Алмаз Тажибай мурдагы президентте моралдык жоопкерчилик болушу керектигин белгилеп, буларга токтолду. Белгилей кетсек, Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. Ага 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча бир нече айып тагылып, кийин кылмыш иши токтотулган.
ФЕЙКТЕР ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМДЫ ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШУ
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду биринчи окууда жактырды. Мыйзам долбоорун депутаттар — Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сейит Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков иштеп чыккан.
Депутат Жанар Акаев жалган маалыматты сайттан алып салуунун мөөнөтүн узартуу, тагыраагы, арыз келип түшкөн учурдан тарта 24 саат эмес 3 күнгө чейин узартуу сунушталып жатканын айтты. Талкуу учурунда депутат Айбек Маткеримов жалган маалымат тараткандыгы үчүн ЖМКнын жоопкерчилигин күчөтүү маселесин козгоп, Маданият министрлигин арыздарды адилет жана калыс кароого чакырды. Ал 3 күндүк мөөнөт өтө узак экенин билдирип, каршы пикирин айтты. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлининин маалыматына караганда, 2022-жылдан тарта министрликке 22 арыз келип түшкөнүн, анын көпчүлүгү ишкерлерден жана жарандардан келген. 16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети да аталган мыйзам долбоорун колдогон. Экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору 2021-жылдын 23-августунда кабыл алынган.
КӨМҮСКӨ ИШТЕГЕН КУМАРКАНА АНЫКТАЛДЫ
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК)кумаркананы тийиштүү документтери жок, мыйзамсыз иштетип жүргөндөр аныкталганын кабарлады. Маалыматка караганда, мекеме криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзгөн. Тинтүү жүргүзүлүп, ири суммадагы акча каражаттары табылганы айтылды. Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.
Өткөн жылы чет өлкөлүктөр үчүн кумаркана ачууга уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Өкмөттүн кумарканаларды иштетүү тартиби тууралуу токтомуна ылайык, лицензиялардын баасы аймактарга жараша бычылган жана 10,5 миллион сомдон 84 миллион сомго чейин деп эсептелген.
АКТИВИСТ АЙЫП ИЗОЛЯТОРУНАН ЧЫКТЫ
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган жарандык активист Атай Бейшенбек айып изоляторунан 21-майда чыгарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.
Буга чейин Бейшенбек айып изоляторуна камалганы үчүн абак жетекчилигин күнөөлөгөн.
Атай Бейшенбек айып изоляторуна киргизилгенин ЖАК 18-майда маалымдап, муну пландуу тинтүү иш-чаралары учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы менен түшүндүргөн.
Көп өтпөй Кемпир-Абад иши боюнча абакта олтургандардын бир нечеси ачкачылык жарыялаганын кабарлашкан. Кыйноолорду алдын алуу борбордун жетекчиси Бакыт Рысбековдун айтымында беш киши ачкачылык кармоону улантып жатат. Рысбеков кошумчалагандай, алар тамак-аштан баш тартып, суу ичип жатышат. Белгилей кетсек, Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.
ЧЕК АРАЧЫЛАР КАРМАЛДЫ
УКМКнын Чек ара кызматынын “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларында тинтүү иштери жүргүзүлүп, андан соң айрым аскер кызматчылары кармалды. Маалыматка ылайык, 16-майда УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларында тинтүү иштери жүргүзүлгөн, анын натыйжасында айрым аскер кызматчылары кармалып, акча каражаты табылып алынды. Азыркы учурда КР УКМКнын Чек ара кызматынын 4 аскер кызматкери кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, аларга карата тиешелүү болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.