• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Жээнбеков кайра шайлоого катышат. Жапырт камалгандар кайрылуу жолдоду

27 Жалган куран 2023 18:11 Бишкек Govori.TV

МУШТАШКАН ДЕПУТАТ МАНДАТЫН ТАПШЫРДЫ

Калайман мушташка катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшырмай болду. Эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды. 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган Абировдун мандаты боюнча суроолор көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп турган учур. БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев аталган округда кайра шайлоо өтөрүн билдирди.

ЖЭЭНБЕКОВ ШАЙЛООГО КАТЫШАТ

Бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен Бишкек СИЗО-1 абагында камакта жаткан Равшан Жээнбеков Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышмакчы. Бул тууралуу анын Фейсбук баракчасында маалымдалды.

Эске салсак, ал 2021-жылдагы шайллоодо бул округдан талапкерлигин койгон. Анда Жээнбековдун шайлоо өнөктүгү СИЗОдон жүргүзүлгөн.  

КЕМПИР-АБАД ИШИ: АБАКТАГЫЛАР КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОШТУ

Бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен Бишкектеги СИЗО-1 абагында жаткан Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү Акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна, укук коргоочу уюмдарга жана ММКларга кайрылуу жолдошту.

Алар чара көрүп, Гүлнара Журабаева, Таалайбек Мадеминов, Илгиз Шаменов жана Чыңгыз Капаровду дарыланууга жөнөтүүнү суранышат. Катта ошондой эле Клара Сооронкулова менен Мамбетжунус Абыловдун мурда жасалган оор операцияларына карабай СИЗОго кайтарылганы,у кыйноо катары баалаары жазылган.

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдирасулова фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист Улукбек Маматаевдин абалы кескин начарлаганын билдирди.

 Эске салсак, 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Айрымдары ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

ЖЕР САТКАНДАРГА ИШ КОЗГОЛДУ

Жер тилкелерин саткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу боюнча “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жарлыктын аткарылышы боюнча Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн.

«Текшерүүдө аталган комиссиянын мүчөлөрү бир нече кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык жол аркылуу Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди документтерди жасалмалоо жолу менен жеке тараптардын менчиги катары катташып, кийин документтерди жасалмалоо жолу менен багытын калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз которушкандыгы аныкталган. Натыйжада, алар жарандарга аталган жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз сатышып, мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтиришкен»,-деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча Чүй облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

БАҢГИ ТОБУНУН ИШИ БӨГӨТТӨЛДҮ

Өзгөчө ири өлчөмдөгү героинди ташуу боюнча эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюу боюнча эл аралык атайын операциясын Кыргызстан менен Казакстан республикаларынын атайы органдары мененишке ашкан.

Атайын операциянын жыйынтыгында 100 кг ашык “героин” баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынын уюштуруучусу 1986-жылы туулган Тажикстан Республикасынын жараны  Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын аймагынан кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып жүргөн. Баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, жогорудагы аныкталып алынган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң АКШ долларын түзөт.

Количество просмотров: 1925