• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жээнбеков менен Жапаров Путиндин өкүлү менен жолукту. Депутаттар кайра жыйынга чогулду

13 Тогуздун айы 2020 19:53 Бишкек Govori.TV


ЖЭЭНБЕКОВ ЖАНА ЖАПАРОВ ПУТИНДИН ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Россия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, Козак Кыргызстанга РФ лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен келген. Жолугушууга Садыр Жапаров дагы катышкан.

ДЕПУТАТТАР КАЙРА КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛДУ

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан жыйынга чогулуу аракетин көрүшүүдө. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жыйын 16:00гө белгиленген.

АТАМБАЕВДИН БАШ КОРГОО ЧАРАСЫ ӨЗГӨРГӨН ЖОК

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлагандай, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча сот өкүмүнүн негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

ТЕКЕБАЕВГЕ МАНДАТ БЕРҮҮ МАСЕЛЕСИ КАРАЛА ЭЛЕК

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шердин депутаттык мандатынан баш тарттуу маселесин кароо кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди. Буга БШК мүчөлөрүнүн тийиштүү саны жыйынга катышпагандыгы себеп болгон. Белгилей кетсек, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арыз менен Боршайкомго кайрылганы 10-октябрда белгилүү болгон. 12-октябрдагы БШКнын жыйынында “Ата Мекен” фракциясында бош мандат жоктугуна байланыштуу жана Боршайкомдун мүчөлөрү толук келбегендиктен бул маселе башка күнгө жылган.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Республикалык штаб 13-октябрда Ош облусу жана Бишкек шаарынан бирден бейтап COVID-19ду жуктуруп каза болгонун кабарлады. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 092 киши көз жумду. Бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген. Соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 343 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 49 871 кишиге жетти.

Количество просмотров: 1783