• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жээнбеков Москвага коронавирус ала барды. Депутаттар мыйзамдарды дүң кабыл алды

24 Кулжа 2020 17:42 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

24-июнга карата дагы 207 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен жалпысынан Кырызстан боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3726 адамга жетти. Бул тууралуу Саламатттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин каратев билдирди. Жаңы катталган учурлардын ичинен 25и медицина кызматкери. Ошондой эле дагы бир бейтап тажы илдетинен көз жумуп, вирустан каза болгондордун жалпы саны 42ге жетти.  

ПРЕЗИДЕНТ ПАРАДГА КАТЫШКАН ЖОК

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы парадга ардактуу конок катары катыша алган жок. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Москвага учуп барганда кыргыз делегациясы коронавируска анализ тапшырып, экөөнүкү таза эмес болуп чыкты. Бүгүн Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга бир катар өлкө лидерлери чакырылган, айрымдары баруудан баш тартышкан. Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Москвага 23-июнда учуп барган. Парадга Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери катышты.

ЭКС-МЭРЛЕРДИН СОТУ УЛАНУУДА

Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук отурумда тараптар жарыш сөзгө өткөн. Отурум учурунда прокурор Ибраимовду күнөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну жана 3 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратууну суранды. Ошондой эле ал Кулматовду да күнөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратууну, 2 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратууну өтүндү. Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер Кулматов, Ибраимов жана башка бир нече аткаминерге коррупция беренеси менен айып тагылган. Буга ылайык Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Количество просмотров: 974