• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Жээнбековдун кайненеси Жапаровго кайрылды. Президент мал салыгын колдобойт

29 Бугу 2023 18:11 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ЭРДОГАНДЫ ӨЛКӨГӨ ЧАКЫРДЫ

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров Эрдоганды Түркия Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган.

Президент, эки өлкө ортосундагы жемиштүү кызматташтык мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн духунда өнүгө берерине үмүтүн белгилеп, жарандардын жыргалчылыгы үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөрдө өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө жана кеңейтүү боюнча активдүү биргелешкен ишке даяр экеинин айткан.

“Бул багытта жана мурун макулдашылгандай, Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырам. Ал эми боордош түрк элине – бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү тилейм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эске салсак, 28-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасын Режеп Тайып Эрдоган жеңгени жарыяланган. Эрдоган добуштардын 52,14% алды. Ал эми атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86% добушуна ээ болду.

ПРЕЗИДЕНТ МАЛ САЛЫГЫН КОЛДОЙБУ?

Президент Садыр Жапаров мал-жандыкка салык салуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

 «Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылдын апрель айында фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда айыл-чарба багытындагы пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат. Президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле, депутаттардын мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз», -деп жазат ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаевдин мал-жандыктан салык алууга байланыштуу мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, жеке менчигинде 40 кой-эчкиси, үч уй, эки жылкысы барлар салык төлөөчү деп саналат. Анда жылына кой-жана эчкиге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыга – 250 сом салык алынаары жазылган.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,7 миллиондон ашуун бодо мал катталган. Майда жандык 6 миллиондон ашкан, жылкынын саны 534 миңге жакын.

КАЙРА ШАЙЛОО: НИЯЗАЛИЕВА АЛДЫДА

№26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп, баштапкы жыйынтык боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиева өз дарегине айтылган айыптоолорго жооп берди. Ал өз баракчасы аоркылуу билдирүү таратып, социалдык тармактарда жарыяланган видеолорду «атаандаштардын каралоосу» катары сыпаттаган.

Белгилей кетсек, тарап жаткан видеодо бир нече адамдын акча санап отурганы тартылган, жана  алар Ниязалиеванын тарапташтары экенин айтууда.

Ал эми ИИМ териштирүү жүрүп атканын билдирип, бирок эч бир талапкердин ысымын атаган эмес.

Ал эми 28-майда өткөн №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынты боюнча Дамира Ниязалиева 6073 добуш алып, алдыга чыкты. Андан кийин 2 070 добуш алган Улан Сариев экинчи сапта турса, үчүнчү болуп 1 317 добуш топтогон Эртай Искаков келе жатат.

БШКнын маалымдашынча, добуш берүүгө бул округдагы шайлоочулардын 13,95% гана катышты.

Шайлоодо жалпы 29 талапкер аттанып, алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып тургандар.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн.Анда жеңишке жетип, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын мөонөтүнөн мурда тапшырып берген.

ЖЭЭНБЕКОВДУН КАЙНЕНЕСИ ЖАПАРОВГО КАЙРЫЛДЫ

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын апасы Рахим Алимбаева президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, кызын жана күйөө баласын камактан бошотууну суранды.

Эскерте кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту Салкынай Алимбаеваны 24-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча айып тагылган.

Ал эми Саясатчы Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча өткөн жылдын октябрь айында кармалган.

УКМКГА ЖАҢЫ ИМАРАТ САЛЫНУУДА

УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, имарат президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси курулууда.

Курулушту баштоо аземине УКМК жетекчилери, өздүк курам жана атайын кызматтын ардагерлери катышты.

Ташиев өз сөзүндө мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн натыйжалуулугу жогорулай турганын белгиледи.

Мындан тышкары, ал өздүк курамга кызматтык тапшырмаларды так аткарып, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жигердүү күрөшүүнү улантуу керектигин эскертти.

СУЗАКТА МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ ИШТЕН АЛЫНДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги үстүбүздөгү жылдын 25-майында №16 С. Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги “Акыркы конгуроо”салтанатында катталган окуя тууралуу  маалымат таратты.

Аталган мектептин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу иш-чара өтүп жаткан аянтка кирип келе жаткан. Бүтүрүүчүлөрдүн бири А. Ж. пиротехникалык каражатты күйгүзүп жаткан мезгилде 7-класстын окуучусу Ж.М. жанына бара калган, аны эч ким чакырган эмес. Натыйжада окуучу Ж. М. жүзү күйүп калган. Учурда ал Жалал-Абад шаардык ооруканасында, абалы жакшы.

«Мындан улам №16 С. Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин убактылуу директордун милдетин аткаруучу А. С. Нажмидинов жана директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары М.Абдуллаходжаева ээлеген кызматынан бошотулду»,-деп жазылат маалыматта.

Буга чейин ушул эле мектепте чөгөлөп кечирим сураган окуучу кыздын видеосу социалдык тармактарга тарап, талкуу жараткан.

Количество просмотров: 149