• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: «Жетим-Тоону» өкмөт өзү иштетмей болду. Касымалиеваны вице-спикерликтен кетирүү аракети башталдыбы?

17 Бештин айы 2020 17:45 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 17-декабрга карата дагы 264 адамдан коронавирус илдети табылып, төрт киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Илдетке каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 386 адам айыкты. Расмий маалыматка ылайык, коронавирус 78 415 кишиге жукту, алардын 1321и каза болуп, 71 656 бейтап айыкты.

БИШКЕКТЕГИ ЭПИДКЫРДААЛ

Бишкекте пневмонияга 11 миң 513 адам кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева өкмөт үйүндөгү онлайн брифингде билдирди. Вице-мэр ошондой эле Бишкекте санитардык эрежелердин сакталбашы боюнча жалпы 8 млн сомго протокол түзүлгөнүн кошумчалады.

«ЖЕТИМ-ТОО» КЕНИ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ

Өкмөт «Жетим-Тоо» кени боюнча айрым саясатчылардын билдирүүсүнө жооп берди. Өкмөттүн кайрылуусунда айрым саясатчылар Нарын облусунда жайгашкан «Жетим-Тоо» кени кытайлык компанияга берилип кетти деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатканы, бул коомчулуктун адашуусуна, чыңалууга алып келип, инвесторлорго карата терс мамилени күчөтөрү белгиленет.

КАСЫМАЛИЕВА ВИЦЕ-СПИКЕРЛИКТЕН КЕТЕБИ?

Аида Касымалиеваны вице-спикерлик кызматтан кетирүү боюнча депутаттар кол чогултуп жатат. Бул маалыматты айрым депутаттар ырастады. Алдын ала маалыматтар боюнча, вице-спикерлик кызматка КСДП фракциясынын мүчөсү, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова талапкерлиги көрсөтүлө турганы айтылууда. Маалыматты тактоо иретинде вице-спикер Аида Касымалиевага байланышканыбызда ал бул маалымат боюнча кабары жок экенин билдирди.

ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТКАНДАР ЖАЗАЛАНАТ

Ички иштер министрлиги аймактар, улуттар аралык кастыкты козуткан маанидеги материалдарды даярдагандар жана тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Маалыматка караганда, президенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү башталганына байланыштуу, WhatsApp жана башка социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды тараткан фактылар орун алууда. Буга байланыштуу, ИИМ аймактык бөлүктөрү менен биргеликте чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

МЫЙЗАМСЫЗ ТАШЫЛГАН ДАРЫ-ДАРМЕК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз түрдө дары-дармек ташылып жүргөнүн аныктады. Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылдын 16-декабрында УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында, Талас облусундагы «Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылды.

КЫЛЫЧБЕК САРКАРБАЕВ КАРМАЛДЫ

Документ жасалмалоого айыпталып, Кылычбек Саркарбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ал буга чейин Кылыч Сулайманов деген ат менен жүргөн. Бул иштер боюнча Саркарбаев кармалып, УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Количество просмотров: 288