• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: ЖМКлар үчүн бийлик өзүнүн мыйзамын жазды. Тышкы карыз качан төлөнөт?

16 Бугу 2023 20:28 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ТЫШКЫ КАРЫЗ ТУУРАЛУУ МАЕК КУРДУ

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, 31-мартка карата Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд. долларга жеткенин, мамлекетте аны төлөөгө кудурети бар экенин айтты. Бирок тышкы карыздын дээрлик баары 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75%дан 2%менен алынганын билдирип, аны мөөнөтүнөн мурда төлөсө, ашыкча чыгым болорун кошумчалады.

“Мисалы, тышкы карызга 2004-жылы 3,1 млрд. сом, 2008-жылы 5 млрд. сом, 2011-жылы 9,4 млрд. сом, 2017-жылы 20,6 млрд. сом, 2019-жылы 28,1 млрд. сом төлөнгөн. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүп келе жатат. 2022-жылы 33,6 млрд. сом карызды төлөдүк. Быйыл 48,6 млрд. сом төлөйбүз. Алдыңкы 2024-жылга 64,7 млрд. сом, 2025-жылга 75,1 млрд. сом төлөө каралган. Мамлекетибиз эгемендик алган жылдар аралыгында алынган карыздардын эң көп бөлүгүн биз төлөп жатабыз. Эгер ушул акчанын баарын карызга төлөө ордуна социалдык жана башка иштерге жумшаганыбызда, бүгүнкү жасалып жаткан иштерден жүз эсе жакшы иштерди жасамакпыз”, — дейт президент.

Жапаров ушу тапта алынып жаткан насыялардын көпчүлүгү мурда кол коюлган келишимдердин негизинде түшүп жатканын кошумчалады.

2023-жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын мамлекеттик (ред: тышкы жана ички карыз) карызы 5 млрд. 623 млн. долларды түздү. 2021-жылдын 31-мартында карыздын көлөмү 4 млрд. 905,49 млн. доллар болчу. Акыркы үч жылдан бери жалпы карыз 717,65 млн. долларга көбөйгөн. 

ЖАПАРОВ КЫТАЙГА БАРАТ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-20-май күндөрү Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Ал Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн жана эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу боюнча маселе талкууланарын айткан.

Садыр Жапаров андан тышкары Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, башка расмий өкүлдөр жана ишкерлер менен жолугушат.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

ФЕЙКТЕРГЕ КАРШЫ МЫЙЗАМДЫ ӨЗГӨРТҮҮ СУНУШУ

16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду биринчи окууда колдоду. Документти депутаттар — Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сейит Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков иштеп чыккан.

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков мыйзамдын аткарылышы жана анын ЖМК ишмердүүлүгүнө тийгизген таасири, белгилүү редакциялардын сайттарынын иштерин токтотуу жөнүндөгү чечимдер, медиа өкүлдөрүнө карата кылмыш иштери тууралуу буларга токтолду.

Экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору 2021-жылдын 23-августунда кабыл алынган. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн. Ага ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал порталдан алынышы керек. Талап аткарылбаса, сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөт.

ЖМК МЫЙЗАМЫНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ТАЛАШ

Бүгүн “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн Президенттик администрация менен чогу түзүлгөн жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөн жок. Долбоорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумуш тобундагы медиа тармактын өкүлдөрү алардын иштөө мөөнөтү аяктаганын айтуу менен жыйындын легитимдүүлүгү боюнча меселе көтөрүштү.  Ошондой эле президенттин администрациясы мыйзам долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ менен талдабай туруп коомдук талкууга чыгарганын сынга алышууда.

Жумушчу топтун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков мыйзам долбоору бир тараптуу болуп калганын айтат.

Жыйынга катышып жаткан Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Айылчиев буларга токтолду.

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун документти 15 майда коомдук талкууга чыгарган.

Былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюлган. Өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер долбоорго нааразычылыгын билдирип чыккан.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп, президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчи болгон.

АКЫЙКАТЧЫЛЫККА ТАЛАПКЕРЛЕР СУНУШТАЛУУДА

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы акыйкатчы кызматына Бакыт Рысбековдун талапкерлигин сунуштай турганын 16-майда жарыялады. Бакыт Рысбеков 2020-жылдын август айынан бери Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору кызматын ээлеп турат.

Ушул эле күнү парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети акыйкатчы кызматына эки талапкерди карап, колдоду.

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөткөн. 46 жаштагы Жамиля Жаманбаева Башкы прокурордун орун басары болгон. Ал эми “Ыйман Нуру” фракциясы Акыйкатчылыкка 52 жаштагы Күлира Кубатованын талапкерлигин сунуш кылды.

Комитет жыйынында талаперлердин өмүр баяндары, иш тажырыйбасы тууралуу маалыматтар берилди. Жыйында сөз сүйлөгөн комитет төрайымы Чолпон Султанбекова мурунку Акыйкатчы депутаттардын ишенимин актабай калганын айтып, талапкерлерге өзүнүн кеңешин берди.

Маселе  парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Эске салсак, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар парламенттин чечимин сындаган.

Количество просмотров: 78