• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жыштык чыры боюнча өкмөт өкүлү кармалды. «Мас» прокурордун видеосу териштирилет

16 Бештин айы 2020 18:36 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 241 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Ошол эле учурда 403 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 845 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 841 бейтап дарыланууда. Бир күн ичинде өлкө боюнча 8 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 12, стационардан 3 медкызматкер айыгып чыкты.

АБАНЫН БУЛГАНЫШЫ ПАРЛАМЕНТТЕ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жогорку Кеңеш бүгүн, 16-декабрда жыйынга чогулду. Буга чейин күн тартибинде 10 маселе бар экени кабарланган. Анын ичинен Бишкекте абанын булганышы парламентте талкууланды. Анда автоунаалардын түтүнү жана башка зыяндуу калдыктар өлкөнүн ири шаарларында абаны булгап, элдин ден соолугуна зыян тийгизип жатканы тууралуу кеп болду.

ӨКМӨТТҮН АППАРАТЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧАСЫ КАРМАЛДЫ

Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары даражасындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев кармалды.
Улутту коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, УКМК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын, Өкмөт аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радио жыштыктарды сатып алуу жана сатуу боюнча келишим түзүүдөгү, аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

«МАС» ПРОКУРОР БОЮНЧА ВИДЕО ТЕРИШТИРИЛҮҮДӨ

Башкы прокуратура сот залында тартылып, соцтармакка тараган видео боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. 12-декабрь күнү интернетке «Ошто мас абалындагы прокурор соттук ишке катышып, кийин терезелердин темир торун сындырып качып кетти» деген аталыштагы видео тараган. Анда бет кап тагынган кишиге аялдын кайрылып сүйлөп жатканы тартылган. Видеодон киши кайсы бир кабинетке кирип кеткенин жана терезенин темир тору ийилип калганын көрүүгө болот. Башкы прокуратуранын жетекчилиги Өздүк коопсуздук кызматына териштирүү жүргүзүүнү тапшырды. Анын жыйынтыгына жараша окуяга баа берилет.

АТАМБАЕВДИН СОТУ КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫ

16-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу соттук отурумду кийинкиге калтырды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Буга негизги айыпталуучулардын бири Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу сотко келбегени себеп болду. Конвой өкүлдөрү Атамбаевдин билдирүүсүн тапшырышты. Ал ден-соолугуна байланыштуу процессти бир жумага жылдырууну суранган.

АЙСУЛУУ ДҮЙНӨ КУБОГУНДА АЛТЫН ТАГЫНДЫ

Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө кубогун жеңип алды. Ал 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Тыныбекова 14-декабрда финалдык баскычта румыниялык спортчуну 10:0 эсебинде жеңген. 1/4 финалдык баскычта түркиялык Кансу Аксой менен беттешип, аны да 10:0 эсебинде уткан. Ал эми финалга чыгуу үчүн Тыныбекова россиялык Любовь Овчарова менен күрөшүп, аны 13:2 эсебинде жеңип алган. Финалда кыргызстандык спортчу латвиялык Анастасия Григорьева менен килем үстүнө чыкты. Беттеш 14:0 эсебинде жыйынтыкталып, Тыныбекова Дүйнө кубогунун алтын медалына ээ болду.

“ЭЛЕЧЕККЕ КЕЛЕЧЕК” АЯЛДАР ФОРУМУ

Бүгүн, 16-декабрда Бишкекте өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин, кесиптик жамааттардын, жарандык коомдун, ишкерлердин аял өкүлдөрү катышкан “Элечекке Келечек” аттуу форуму өтүүдө. Форумдун максаты – демократиялык институттарды, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого жана жайылтууга кызыктар айымдардын үнүн таратуу.

Количество просмотров: 254