• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Чуу менен иштен алынган кеңешчи жаңы кызматка келди. Бишкектиктер өзгөчө абалга көнбөй жатат

26 Жалган куран 2020 20:57 Бишкек Govori.TV

ЖЭЭНБЕКОВ ЕВРОБИРИМДИК МЕНЕН АЗИЯ БАНКЫНАН ЖАРДАМ СУРАДЫ
Президент Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугуп, коронавирустан улам өлкөдөгү жагдайды жакшыртыш үчүн финансылык жардам сурады.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын Евробиримдик өлкөлөрүнө жайылып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, эпидемиялык кырдаалдын тез арада оңолуп кетишине үмүтүн билдирген. Ошону менен катар Жээнбеков Кыргызстанга кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылган. Ушундай эле жолугушуу Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Кэндис МакДейган менен өтүп, президент Жээнбеков акыркы кырдаалда каржылык жардам көрсөтүүнү сунушун айткан.

Бул жагдай коочулуктун көз жаздымында калган жок, дегеним социалдык тармактын колдонуучусу Тимур Токтоналиев сын пикирин айтып, билдирүү жазды.

“Жогорку Кеӊеште 90 пайыз байлар отурганда, 30 жылдан бери өлкөнү талап-тоноп, байыгандар жылуу, көп-кабаттуу особняктарында жамбаштап отурганда президент кантип уялбай МВФ, Европа биримдигинин элчилерин чакырып алып жардам сурайт? Алар баарын билип, көрүп туратко. Калпак кийип алып калп эле көз карандыксыз, өлкө жөнүндө сүйлөгөндө биздин чоӊдордун мурду жөн эле кудайдын таманын тирейт. Анан Москвага тетигиндей узун списокту жөнөткөндөн уялышпайбы…”, — деген пикирин жазды.

26-МАРТТА КЫРГЫЗСТАНДА КОРОНАВИРУС КАТТАЛГАН ЖОК
26-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова өкмөттөгү онлайн брифингде билдирди.

“18-25-мартта бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болгон, эң кичүүсү бирге толо элек ымыркай, улуусу 86да. Бейтаптардын алтоо реанимацияда жатат, аларда пневмония пайда болду. Ошондуктан аларга жетиштүү өлчөмдө кислород берип туруу үчүн интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган”,- деди Акматова.

Бирок, Акматова кандай аракеттер көрүлүп жатканына карабай, жарандар өзгөчө абалдын талаптарын аткарбай жаткандыктарын айтып, нааразы болду.

«Мындай кылганга болбойт! Карантиндин талаптарын аткарбагандарга кылмыш жоопкерчилиги тартыларын унушпашыбыз керек», – деди А.Акматова.

Адистин белгилешинче, чет жактан келип жаткандар азайды, эпидемияга каршы иш-аракеттер көрүлүп жатат, өзгөчө абал киргизилди, ары-бери каттоого тыюу салынды, бирок, ошентсе да “бул инфекцияны жеңдик деп айтуу эрте”.

Ал арада бул илдет менен күрөшүүгө каралган каражаттар, ошол эле беткаптар, санитардык каражаттар а түгүл дарыгерлер жетишпей жаткандыгы тууралуу маалымат социалдык тармакта тарады. Ал эми Акматова учурда колдон келишинче аракет жүрүп жатканын, бирок медкызматкерлердин жетишсиздиги жок деди.

“Бирок медиктердин арасында белгилүү бир тобокелдик топтор бар, алар кичинекей балдары бар кызматкерлер ж.б. Эгер алар кааласа эмгек өргүүсүн же болбосо акы төлөнбөгөн өргүү алса болот. Азыркы күндө медкызматкерлердин курч жетишсиздиги жок”,- деди ал.

КОМЕНДАНТТЫК СААТТЫ БУЗГАНДАР КАРМАЛДЫ
25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Мындан улам коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. 25-марттан 26-мартка караган түнү коменданттык сааттын шартын бузган 320 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулду. Алардын көпчулүк бөлүгү Бишкек шаарында кармалган.

“Бишкекте коменданттык саат учурунда коюлган талаптарга баш ийбей жүргөн 195 жаран кармалган. Анын ичинен 163 эркек, 14 аял жана 6 өспүрүм. Кармалган жарандар РИИБдин бөлүмүнө жеткирилип, алардын өздүгү такталып, протокол түзүлдү”, — ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев.

Бишкек коменданты кошумчалагандай, борбор калаада коомдук коопсуздук туруктуу жана кырдаал көзөмөлдө.
Ал арада Бишкектин борбору жабылганы тууралуу маалымат тарады. Бишкек комендантынын айтымында мындай чечим шаарды дезинфекциялоо үчүн кабыл алыган.

“Бишкек шаарындагы көчөлөрдү дезинфекциялоонун алкагында унаалардын кыймылын азайтуу максатында бир катар көчөлөр жабылды. Мындан улам Бишкектин И.Ахунбаев; В.Чапаев; Жаш гвардия бульвары; Жибек жолу; Осмонкул; У.Салиева; Курманжан датка көчөлөрү жабылды”, — деди ал.

ПАРЛАМЕНТТИН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШТЫ
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалды. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдан бери аппарат жетекчи болуп иштеп келген Самат Ибраев 23-мартта өз арызы менен кызматтан бошотулган. Анын ордуна төраганын буйругу менен аппарат башчы болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалган.
41 жаштагы Сабырбеков 2019-жылдын март айына чейин спикер Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп эмгектенип, Жумабековдун кол тамгасы коюлган, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге багытталган кат эң жөнөкөй грамматикалык жана стилистикалык эрежелерди сактабай,ката жазылганы коомчулукта талкуу жаратып, кызматтан алынган.

ИШКЕРЛЕР 9 ПОСТ АРКЫЛУУ ӨТӨ АЛЫШАТ

Бишкекке азык-түлүк, дары-дармек жана кара май ташып кирүүгө тоскоолдук жаралбайт. Бул тууралуу 26-мартта вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин коменданты бул жөнүндө буйрук чыгарды.

«Буйрукту товар ташуучу компаниялар кагазга чыгарып алып, блокпосттогу текшерүүчүлөргө башка тийиштүү документтери менен чогуу көрсөтүшү зарыл»-,деди вице-премьер министр.

Коменданттын буйругуна ылайык, ишкерлер төмөнкү посттор аркылуу өтө алышат:

  • Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши;
    Васильевский тракт көчөсү менен Достук дачасынын кесилиши;
    Жаш Гвардия бульвары менен айланма жол;
    Курманжан датка менен айланма жол;
    Киргшелк;
    7-Апрель көчөсү менен Токомбаев проспектинин кесилиши;
    Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн кесилиши;
    Кожобергенов менен Семетей көчөлөрүнүн кесилиши;
    Селекция айылындагы май куюучу жайдын жаны. Ошондой эле жүк ташуучуларда маршруттук баракча, атайын уруксат кагазы болушу зарыл экенин кошумчалады.

Ошондой эле жүк ташуучуларда маршруттук баракча, атайын уруксат кагазы болушу зарыл. Үйгө тамак ташуу кызматын көрсөткөндөр үчүн дагы уруксат кагазы даярдалып берилери айтылган.

Эске салсак, коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан тарта Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилген.

Количество просмотров: 381