• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Күндүн ыргагы: Өлкөнүн түштүгүндө коронавирус күч алды. Атамбаев кайрадан сотко катышууну каалады…

30 Аяк оона 2020 18:27 Бишкек Govori.TV

500 МИҢ АДАМДЫН ДОБУШ БЕРҮҮГӨ УКУГУ ЖОК

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүү укугу жок адамдардын жалпы саны жарым миллионго жакын. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоого туруу укугу бар 437 миң 384 кыргыз жараны мындай каттоодон өтө элек жана эски үлгүдөгү ID паспорт менен жүрөт.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 147 кишиден аныкталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 30-сентябрдагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында вирус табылгандардын саны боюнча Жалал-Абад облусу алдыга чыкты. Акыркы суткада каза болгондор катталган жок.

ҮЙДӨГҮ ТОЙЛОР ТОКТОТУЛУУДА

Бүгүн, 30-сентябрда Баткен шаарында жүргүзүлгөн рейдде, үй шартында өткөрүлгөн 2 той аныкталып, 3000 сомдон айып салынып, той ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле коронавирус менен ооруп, тойдо жүргөн жаранга атайын органдар тарабынан тийиштүү чаралар көрүлдү.

Бычакталган жаш кыздын өлүмүнө ким кызыкдар?

Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы киши менен анын 26 жаштагы кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Кыз алган жаракатынан каза болуп, атасы бүгүнкү күндө ооруканада… Окуянын чоо-жайы кененирээк алдыдагы материалда…

АТАМБАЕВ СОТТУК ОТУРУМГА КЕЛЕТ

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум уланды. Маалыматка ылайык, 2-октябрдагы кийинки отурумга Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусуна уруксат берилди. Адвокат Сергей Слесарев Атамбаевдин соттук процесстерге катышуусун өтүнгөн.

ПАРА БЕРГЕН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ

Экономика министрлигине караштуу банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары пара берип жаткан учурунда кармалды.

Количество просмотров: 278