• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Соттун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды. Иштебей айлык алган депутаттарга эл нааразы

14 Аяк оона 2020 17:54 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТТАРДЫН АЙЛЫГЫ КАЙРАДАН ТАЛКУУДА

Үгүт иштерине байланыштуу шайлоого чейин тыныгуу алган депутаттардын сентябрь айындагы айлыгы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрым жарандык активисттер, интернет колдонуучулары «эл өкүлдөрү иштебесе деле айлык маяна ала беришеби?»,- деген нааразы пикирлерин билдирип, эл өкүлдөрүнүн дарегине сын-пикрлерди айтышууда.

ШАЙЛООГО АТТАНГАН ПАРТИЯЛАРДЫ ЭЛ БИЛЕБИ?

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого туура 20 күн калды. Учурда үгүт иштери өлкө аймагында кызуу жүрүп жатат. Мындан улам, шайлоого аттанган кайсыл партияларды билесиз? деген суроо менен шаар тургундарына кайрылдык.

СОТТУН ТӨРАГАСЫ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жергиликтүү тургундан келип түшкөн кайрылуунун алкагында, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу фактысы) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачкан. Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча жергиликтүү тургундан акча каражатын талап кылган. 14-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан учурунда кармалып, учурда тергөө жүрүп жатат.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда 14-сентябрда дагы 47 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 101 адам айыкты. Каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 928 кишиге жетти. Алардын 41 023ү сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

ДАРЫГЕРЛЕРЛЕР ЭС АЛУУ ШАРТЫНА НААРАЗЫ

Баткенден Ысык-Көлгө кеткен дарыгерлер эс алуу шарттарына даттанды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова «Фейсбук» баракчасына жазды. Анын айтымында, медицина кызматкерлери эс алуучу жайдагы шарттары, тамак-ашы начар экенин жанан азык-түлүк сатып ала турган дүкөндөгү баалар кымбаттыгын айтышкан. Эске салсак, 10-сентябрда Баткенден 51 медицина кызматкери Ысык-Көлдөгү «Рахат» пансионатына эс алууга жөнөп кетишкен.

 ЖЭЭНБЕКОВ КЫТАЙДАН КАРЫЗДЫ ЖЕҢИЛДЕТҮҮНҮ СУРАНДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапары менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Анда кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары боюнча талкуу болду. Жээнбеков коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасир тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карызын жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Количество просмотров: 234