• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Көп кабаттуу үйлөрдүн биринин электр калканы өрттөнүп, адамдар эвакуацияланды

13 Бештин айы 2023 11:11 Бишкек Govori.TV

 Бишкектин А.Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине жалпы үч күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылып, тилсиз жоо эртең мененки саат 08:09да толугу менен өчүрүлгөн

Өрттүн кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки подъездеги электр калкандары күйүп кеткен. Куткаруучулар өрт болгон аймактан болжол менен 60 адамды эвакуациялашкан. Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана чыгымдары такталууда.

Количество просмотров: 99