• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Көпчүлүк коалиция Садыр Жапаровду колдобой калдыбы?

10 Тогуздун айы 202010:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева парламенттеги көпчүлүк коалициянын мүчөлөрүн премьер-министрлик кызматка жаңы талапкер көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анда Касымалиева үч күн мурун Садыр Жапаровду колдогон депутаттарды жаңы талапкерди колдоого үндөйт. Бирок ал талапкердин атын атаган жок.

«Садыр Жапаров өлкөдөгү парламентке кирген жана анын сыртындагы ар кыл күчтөрдүн башын кошкон, бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болуп, жаңы парламенттик шайлоону тынч өткөрүүгө шарт түзүүгө салым кошкон адам болот деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, акыркы бир нече күндөгү окуялар анын жеке сапатын эске албаганда, коомдун көпчүлүк бөлүгү аны кабыл алуудан баш тартарын көрсөттү жана жалпы өлкөнүн башын бириктиргендин ордуна тескерисинче ажырым менен пикир келишпестикти күчөтчүдөй кырдаал жаралды. Элдик ишенимдеги өкмөттүн ордуна кыжырданууга ээ болобуз жана анын премьер-министр болуп шайланышы коомдогу мындан аркы толкундоолорго себеп болот. Биз мындай кооптуу кадамга бара албайбыз» — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин 10-сентябрда «Ала-Арча» резиденциясында парламенттин кезексиз жыйыны өтөрү белгилүү болгон. Анда өлкөдө өзгөчө абал жарыялоо жана жаңы премьер-министрдин талапкери каралары айтылган.

Количество просмотров: 8433