• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга 90 миң сомго жакын айып салынды

10 Баш оона 2022 17:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, инспекция санитардык эрежелердин сакталышына жана жеке ишканалардын катуу тиричилик таштандыларын өз убагында ташып чыгуусуна көзөмөлдү күчөтүп, Октябрь жана Биринчи май райондорун текшеришкен.

«Жалпысынан 18 мыйзам бузуу фактысы катталып, «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 114-беренеси боюнча жалпы суммасы 88 миң 500 сомдук протоколдор түзүлдү. Тартип бузгандардын тизмесине «Умай Групп» ЖЧКсы («Глобус» мамлекеттик ишканасы), «Тунгуч» жана «Көк-Жар» кичи райондорундагы филиалдары, ошондой эле «СМА Групп» курулуш компаниясы кирген. Калган 15 тартип бузгандар чарбалык субъектилер. Мыйзам бузууларды таануудан баш тарткан жарандардын иштери административдик комиссия тарабынан каралат»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан анын аймагынын айланасын күн сайын тазалыкты камсыз кылуу керектигин эскертет.

Количество просмотров: 167