• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Көрсөткүлө!». 2 айга камалган Жекшеналиевдин апасы унаанын жолун тороду

16 Баш оона 2022 20:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-августта  «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралды.

Соттун чечиминен кийин Жекшеналиевдин апасы унаанын жолун тороп, уулун көрсөтүүнү талап кылды.

«Баламды көрүшүм керек. Эмне үчүн аны алып кетип жатканда ата-энесине чалып кабарлап коюшпайт»,-деди Жекшеналиевдин апасы.

Эске салсак, «Полит узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 364