• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Күткөн жана күттүргөн Путин…

28 Жалган куран 201921:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.

Иш сапар менен Кыргызстанга келген Россиянын президенти В. Путинди президент С. Жээнбеков жарым саат күттү.

В. Путин Германиянын канцлери Ангела Меркелди 4 саат 15 мүнөт, Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти 4 саат күттүргөн жайы бар.

А түгүл, 2003-жылы Британиянын ханышасы Елизавета II ни 15 мүнөт күттүрүп койгон.

Бирок, В. Путинди деле күттүрүп койгон мамлекет башчылары жок эмес. 2017-жылы Грециянын Өкмөт башчысы Алексис Ципрас Путинди көпкө күттүрүп койгон.

Өткөн жылы В. Путин Турциянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды күтүүгө аргасыз болгон.

Количество просмотров: 25