• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Күзүндө Бишкекке жаңы автобустар келет

16 Баш оона 2021 18:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекке түркиялык өндүрүштөгү көп орундуу автобустар келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобустарды өлкөгө жеткирүү боюнча меморандумга борбордун мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Грин Бас» ЖЧКнын ортосунда кол коюлган.

«Жалпысынан 2021-2022-жылдары Бишкекке 300-350 автобус жеткирүү пландалууда. Экологиялык жактан таза 10-12 метрлик автобустардын биринчи партиясы борборго ноябрдын аягына чейин жеткирилет»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 239